Новости

Медицина факультетинде ага кураторлор жыйыны болуп өттү

25.03.17-ж медицина факультетинде кураторлор жыйыны болуп ага факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов, декандын тарбия иштери боюнча орун басары, улук окутуучу А.Э.Саттаров, факультеттин ага куратору З.М. Кадыбаев жана кафедралардын ага кураторлору катышып төмөндөгүдөй маселелер каралды.

1. 1- модулдун жүрүшү;

2. Социалдык абалы начар студенттерге жакындан жардам берүү;

3. Жума сайын ишембилик өткөрүү.

Жыйындын жүрүшүндө А.А.Исмаилов кураторлорго социалдык жактан аз камсыз болгон студенттерди тактоо, ар жума сайын кафедраларында ишембилик өткөрүү боюнча тапшырма берди.

Жыйындын аягында ар бир жуманын ишемби күнү ага кураторлор жыйыны деп белгиленди.

2372 13:52 25-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|