Новости

Нооруз майрамына карата стоматология адистигинин студенттери тарабынан “Сармерден” оюну тартууланды.

17-март күнү медицина факультетинин "Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология", "Хирургиялык, курактык стоматология" кафедралары тарабынан Нооруз майрамына карата майрамдык салтанат болуп өттү. Аталган саамалык жалпы жаштарга унутулуп бараткан улуттук нарк-насил, каада-салттарыбызды калптандыруу максатында, жаны күндүн белгиси болгон Нооруз майрамын утурлай уюштурулду.

Майрамдык иш чарага ОшМУнун эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору, доцент А.О. Абдувалиев, профсоюз уюмунун төрагасы, доцент А.У.Аккулов, медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов,профессор А.М. Арстанбеков, доцент Ж. Мамажакып уулу, окутуучулар студенттер катышып кутукттоо сөз сүйлөштү.

Стоматология адистигинин студенттери майрамдын урматына кыргыз улуттук оюндары, спорттук мелдештери, бий кечеси,таланттуу студент мырза-айымдарынан куралган кыз-жигиттин “Сармерден” оюнунун 1-айлампасы тартууланып конокторго мыкты маанай арнап өтүштү. Мындан сырткары токчулук,молчулуктун белгиси болгон СҮМӨЛӨК кайнатылып, коноктор үчүн дасторкон жайылды.

Кеченин аягында студенттер үчүн бий кечеси уюштурулуп, уюштуруу тобу тарабынан спорттук, "Сармерден” оюндарынын жыйынтыгы чыгарылып, бардык тайпаларга атайын диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

3678 17:25 20-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|