Новости

ТТГФда "Ч.Айтматов жана эне тил" кечеси

ТТГФда 12-апрель күнү Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган “Ч.Айтматов жана эне тил” аттуу кече болуп өттү. Кечеге БК(б)-1-17, Х(б)-1-17 тайпасынын студенттеринин ортосунда Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окуу, сахналык көрүнүш, командалардын суроолорго жооп берүүсү жана “Ч.Айтматовдун адабияттан алган орду” деген темадагы дил баян, дубал газеталарынын көргөзмөсү уюштурулду. Кечеге мамлекеттик тил боюнча проректору Жороев Ташполот Абдыкайымович катышты. Активдүү студенттерге деканаттын сыйлыктары тапшырылды жана кечени уюштурган Давлатова Сара эжекеге ыраазычылык билдирди.
3284 09:21 13-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|