Новости

ТТГФда конок лекциялары жүрүп жатат

Табият таануу жана география факультетинде “Ош декларациясы” алкагында Кыргыз–Турк Манас университетинен келген профессордук – окутуучулардын конок лекциялары жүрүп жатат. PhD, профессор Селахаттин Гултекин “Термодинамика, термодинамиканын закондору жана мааниси”, т.и.к., доцент Боркоев Бакыт Маметисакович “Химиялык технология”, х.и.к., доцент Салиева Калыйпа Талипбаевна “Эл аралык химиялык олимпиадалык маселелерди чыгаруунун усулдары” боюнча химия, химия-биология профилдеги студенттерге жана магистранттарга лекцияларды өтүп жатышат. Лекция учурунда студенттер жана магистранттар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, талкуулар жүрүп жатат. Конок лекция 13-14-15-16-февралга чейин болот. Кызыккан студенттер жана магистранттар болсо лекцияларды угууга чакырабыз!
2955 17:41 13-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|