Новости

Мектеп окуучулары ТТГФда

2018жылдын 26-январында табият таануу жана география факультети тарабынан Ош шаарынан жана региондордон келген мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иш чарасы уюштурулду. Жолугушуда факультетин деканы Т. А.Мамытов ОшМУнун ийгиликтери, перспективалык өнүгүү пландары, ОшМУдагы даярдалып жаткан бардык адистиктер жана факультеттер жөнүндө толук баяндама жасады. Андан кийин факультетин алдынкы окутуучулары тарабынан химия, биология предметтери боюнча жалпы республикалык тестирлъъгъ (ЖРТ) даярдануу боюнча багыт берилди. х.и.к. доцент М.Р. Мирзаева окуучуларга жалпы химия, органикалык эмес химия, органикалык химия бөлүмдөрү боюнча ЖРТ мезгилинде күтүлүүчү теориялык эксперименталдык суроолор жана химиялык маселелерди чыгаруу боюнча жалпы түшүнүк берди жана маселелерди чыгаруунун усулдарын түшүндүрдү. Окуучуларга химиялык кызыктуу тажырыйбаларды демонстрацияланды. Ал эми ага окутуучу Э.Ш. Буранов Биология предметинин эё татаал бөлүмү болгон “Генетика” боюнча ЖРТ мезгилинде моногибридик, дигибриддик жана анализдөөчү аргындаштыруу боюнча эксперименталдык маселелерди чыгаруунун жолдорун түшүндүрдү. т.и.д. профессор М.Д.Абдуллаева жалпы химия жана ХЭК кафедрасынын башчысы окуучуларга бүгүнкү күнү криминалистикалык изилдөөдө химиянын ролун баса белгиледи. Жолугушуга келген окуучулар ЖРТга даярдануунун ыкмаларын үйрөнүштү. Акырында мектеп окуучулары факультеттин материалдык техникалык базасы менен таанышып химиялык лабороторияларда, анатомиялык музейде, жандуу бурчта, зоология, география, биология кабинеттеринде жана илимий лабороторияларга экскурсияда болушту. Акырында эстелик үчүн фото сессия болду.
4742 12:04 27-01-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|