Новости

Туркия өкмөтүнө жолдомо !

ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинде Туркия Өкмөтүнүн "Туркия стипендиялары" программасына бакалавр, магистратура, докторантурага окуу боюнча атайын семинар уюштурулду. Бакалаврга өткөн студент жатакана, тамак-аштан сырткары 200$, магистратурага өткөн студент 300$, докторантурада 500$ өлчөмүндө стипендия ала алышат. Семинарды ушул программа боюнча Турцияда окуган ОшМУнун теология факультетинин бүтүрүүчүсү Асилбек Абдуганиев өтүп берди. Семинарга катышкан студенттер кантип тапшыруу жолдорун үйрөнүп, пайдалуу кеңештерди ала алышты.
2768 13:45 26-01-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|