Новости

Студенттер практикадан кайтышты

Физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасында практикадан кайткан студенттер үчүн конференция уюштурулду. Конференцияны Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент С.К. Султанов ачып берди. Кафедрадагы практика боюнча жооптуу, ага окутуучу Б.Р. Досонов практикага чыккан студенттер менен тааныштырып, отчеттерду ийгиликтүү тапшырып алууга тилектештигин билдирди.

2017-18-окуу жылынын графигине ылайык 2017-жылдын 20-декабрындагы ОшМУнун №165/4 буйругунун негизинде “Электр менен камсыздоо” адистигинде окуган ЭСс-1-17, ЭСс-2-17 жана ЭСс9-1-16 тайпаларынын студенттери 2018-жылдын 29-январынан 10-мартына чейин Энергетика кафедрасынын окутуучусу А. Сатибекова, ага окутуучусу Б. Досонов жана доцент С. Султановдордун жетекчилиги менен “Ошэлектро” ААКда, ОшЖЧЭТте, “Жалал-Абадэлектро” ААКда жана ОшМУда (АХЧнын энергетика бөлүмү) окуу-өндүрүштүк практикасын өтөп келишти. Студенттер видео тасмалар, сүрөттөр, слайттар аркылуу практика учурунда үйрөнгөн тажрыйбалары менен бөлүшүп, практика өтөп келген ишкана жана мекемелери жөнүндө кеңири маалымат берип, атайын даярданган темалары боюнча жазган отчетторун жакташты жана күндөлүктөрүн тапшырышты.

Конференция маңыздуу суроолор, кызуу талкуулар жана маанилүү сунуштар менен жыйынтыкталды.

2229 20:43 16-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|