Новости

ФТФнын окутуучулук курамы жана студенттери

ОшМУнун кызматкерлери жана студенттери үчүн Ош-Гүлчө жолунда жайгашкан “Чыйырчык” лыжа базасында 2017-жылдын 11-февраль күнү “ОшМУда кыш-2017” маданий-спорттук эс алуу иш-чарасында Физика-техника факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери активдүү катышышты. “Чыйырчык” лыжа базасында өткөн “ОшМУда кыш-2017” маданий-спорттук эс алуу иш-чарасынын шарттарын толук аткарып, бийиктикти багындыруу оюнунда агайлар арасында артыкчылык көрсөткөндүгү үчүн ФТФнын Энергетика кафедрасы ОшМУнун I даражадагы диплому менен сыйланышты. Эс алууга факультеттин окутуучулары студенттер менен биргеликте университет тарабынан уюштурулган сый тамагынан даам сызып, ат минишип, муз тээп, кар бетине жазышып, арзан баадагы кичи автобустар менен үйлөрүнө кайтышты.
4109 14:26 25-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|