Новости

МИОТжББМ кафедрасынын алдындагы “Агартуу Академиясы” коомдук фонду жарыялаган “Көп окулган окуу китеби” республикалык конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты болуп өттү.

2018-жылдын 27-март күнү саат 13.30да ОшМУнун Башкы корпусунун 201-аудиториясына МИОТжББМ кафедрасынын алдындагы “Агартуу Академиясы” коомдук фонду жарыялаган “Көп окулган окуу китеби” республикалык конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты болуп өттү.

Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын апрель айында “Агартуу Академиясы” коомдук фонду демилгелеген “Ачык билим берүү ресурстарын түзүү” долбоору аркылуу Сорос Кыргызстан фонду каржылап кеңейтилген www.okuma.kg – электрондук китепканасы тарабынан чыгарылды.

Салтанаттуу жыйынга Ош МУнун илимий иштер боюнча проректору, проф. И.Г.Кенжаев, илимий китепкананын директору С.Мамбетова катышып конкурстун жеңүүчүлөрүнө куттуктоолорун жолдошту. “Ачык билим берүү ресурстарын түзүү жана www.okuma.kg сайтын кеңейтүү” долбоорунун жетекчиси, жогорку математика кафедрасынын профессору М.Мамаюсупов www.okuma.kg сайтын түзүү иштери, аны мындан ары өркүндөтүү боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. “Агартуу Академиясы” КФнун президенти М.Алтыбаева конкурстун 25 жеңүүчү авторлоруна 150$ гонорарга сертификат тапшырды. Жыйындын аягында студенттик концерт тартууланды жана “Агартуу Академиясы” КФнун байкоочулар кеңешинин мүчөсү, МИОТжББМ кафедрасынын башчысы А.Аттокурова жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

3863 10:18 28-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|