2017- жылдын 22-майында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде EdNet агенттигинин аккредитация боюнча эксперти Камалов Эрлан Токтоназарович менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда факультеттин профессордук-окутуучулук курамына “Көз карандысыз аккредитациядан өтүүнүн реалдуу процесси” жөнүндө маалымат берилди.
Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, окутуучулук курам Э.Камаловго ыраазычылыктарын билдиришти.