Новости

“Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу II илимий конференциясы болду

2017-жылдын 12-майында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде илим жумалыгынын ачылышы жана студенттер жана магистранттар үчүн “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу II илимий конференциясы болду
Илим жумалыгынын салтанатуу ачылышындаОшМунун илимий иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор И.Г. Кенжаев; Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Т.Д. Асылбеков; ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаеважана программалоо кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессорА. Сопуев куттуктоо сөздөрүн айтып кетишти.
Пленардык чогулушта төмөндөгүдөй баяндамалар угулду:

1. Алымкулов Келдибай – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор: “Математика жана турмуш”;
2. Матиева Гулбадан – физика-математика илимдеринин доктору, профессор, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы: “Таанып билүү процессинде системалык ой жүгүртүүнү калыптандыруунун орду жана мааниси”;
3. Артыкова Жылдыз Абдисаламовна – ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты, информатика кафедрасынын доценти: “Көп тилдүү билим берүү эмне үчүн бүгүнкү күндө актуалдуу?”;
4. Абдугулова Гулжан Садырбековна – программалоо кафедрасынын улук окутуучусу, экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар магистри: “Введение в программирование студентов колледжа средством code.org”.

Пленардык чогулуштан кийин окутуучулардын, магистранттардын жана студенттердин 130 дан ашуун илимий баяндамалары төмөндөгү секцияларда угулду:

Окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары
I секция. Математика жана информатиканы окутуунун усулу
IIсекция. Математиканын актуалдуу маселелери
III секция. Колдонмо математика жана информатиканын маселелери
IV секция. IT технологиянын жаңылыктары

Магистранттардын илимий баяндамалары
I секция. Математика
II секция. Колдонмо математика жана информатика
III секция. Колдонмо информатика
IV секция. Информациялык системалар жана технологиялар
V секция. Билим берүүдөгү менеджмент
3999 23:28 10-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|