Новости

IX Назаровдук окуулар

“ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА КЕСИПТИК МЕКТЕПТЕРДЕ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕНИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН АКТУАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ”

аталышындагы IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын

Р Е З О Л Ю Ц И Я С Ы

Аймактык илимий-практикалык конференциянын катышуучулары илимий баяндамаларды угуп жана талкуулап, берилген суроолорду, жоопторду жана сунуштарды эске алып, төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

1. 2017-жыл – Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өмүрү жаштарга өрнөк болгон устатыбыз, профессор М.Назаровдун урматына уюштурулган “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын ишмердүүлүгү өзгөчө маанилүү иш чара экендиги белгиленсин;

2. Салтка айланып калган “Назаровдук окуу” илимий-практикалык конференциясын адаттагыдай эле жыл сайын өткөрүп туруу менен, анын географиялык аймагын кеңейтүү эске алынсын;

3. Профессор М.Н.Назаровдун илимий методикалык эмгектеринин электрондук вариантын түзүү жана аны www.okuma.kg сайтына жайгаштыруу ишке ашырылсын;

4. Кыргыз-Өзбек университетинин базасында өткөрүлгөн “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарына чагылдырылсын;

5. Өткөрүлгөн конференциянын масштабы мектеп окуутуучулары райондук билим берүү башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилсин;

6. М.Назаровдук окууга арналган илимий-практикалык конференцияда чыгаан окумуштуулардын илимий баяндамалар менен катышуусу; илимий эмгектеринин жыйынтыктары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүсү сунушталсын;

7. IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын. Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын.

3631 09:24 26-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|