Новости

24-май, 2018-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы НББПны талкуулоо максатында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушту.

24-май, 2018-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы НББПны талкуулоо максатында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушту.Күн тартибинде биринчи маселеде НББПнын окуу планындагы предметтердин түзүлүшү, зарылдыгы жана экинчи маселе катары билим берүүнүн сапаты, кепилдиги каралды. Катышкандар: Ош БИнин тарых, адам жана коом кабинетинин башчысы Ураимова Э.М., Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Ураимова Ч., Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айылынын К.Белекбаев атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык тармагынын кенже адиси Болотбек кызы Жылдыз, тарых факультетинин деканы, доцент Смадияров С.А., профессор Кадыров Т.Д., доцент Ташмаматов Ө.А., доцент Султанова М.Ш., доцент Осмонова С.К., доцент Чыныкеева Г.Э., доцент Апышева А.К., доцент Жумашова Г.С., улук окутуучу Ураимов У., улук окутуучу Алтымышова В.К. катышты. Алгач тарых факультетинин деканы, доцент Смадияров С.А. сөз сүйлөдү. Ал учурда ОшМУда, анын ичинде тарых факультетинде жүрүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып, эл аралык аккредитациянын талабына ылайык билим берүүдөгү аткарылып жаткан иш чаралар, НББПнын түзүлүшү, окуу планындагы предметтер жана алардын орду тууралуу сөз кылды жана бул маселеде иш берүүчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн пикирлери маанилүү экендигин белгиледи.
3363 21:34 25-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|