Новости

23-28-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинде илим жумалыгы.

23-28-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинде илим жумалыгы. Ал төмөнкүдөй тартипте өтүүдө.

“Аймактарды өнүктүрүү жылына”, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата 2018-жылдын 23-28-апрель күндөрү өтүүчү тарых факультетинин Илим жумалыгына чакырабыз.

ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНЫН УЮШТУРУУ ТОБУ:

Тарых факультетинин деканаты жана кафедралар

ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНЫН ИШТӨӨ

ГРАФИГИ:

25. 04. 2018-жыл. (208-ауд.)

I бөлүк:

13.00 –13.20 - Илим жумалыгынын ачылышы.

И.Г.Кенжаев – ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.д., профессор.

Г.М.Анарбаева – ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент.

С.А. Смадияров – тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент.

II бөлүк:

13.20 – 14.30 – Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата ОшМУнун базасында “Улуттук оюндар –тарыхыбыздын башаты, каада-салтыбыздын өзөгү” деген темада студенттик илимий семинар.

Модератор: т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э.

Баяндамачылар:

1. Маматалиева Жумагул – 3-курс – “Кыргыз элинин бата берүү салтынын тарбиялык мааниси жана улуттук оюндарда берилүүчү бата”.

2. Кадырбек уулу Икрамжан – 1-курс - “Мал чарбасы менен байланышкан элдик оюндар жана алардын мааниси”

3. Токтобаева Аксана – 1-курс – “ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана анын учурдагы мааниси”

4. Голубаев Нуркалый – 2-курс – “Кыз куумай” оюну жана анын учурдагы көйгөйлөрү”

5. Акимназар уулу Кайратбек – 2-курс – “Кыргыздардын улуттук оюндары жана андагы “улак тартыш” оюнунун мааниси”

14.00 – 14.20 – талкуу, ой-пикирлер, сунуштар.

14.20 – 14.30 – илим күнүнүн жабылышы, жыйынтык.

26. 04. 2018. (208-ауд.)

III бөлүк:

11.30–12.40 – Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Адам үчүн эң кыйыны - күн сайын адам болуу” деген темада студенттердин эссе-сынагы.

Модератор: т.и.к., доцент Ташмаматов О.А.

Баяндамачылар:

1. Сапарали кызы Бурабия – 3-курс

2. Заидов Азирет – 1-курс

3. Жумабаев Бекжан – 1-курс

4. Маматалиева Ж. – 3-курс

5. Кадырбек уулу Икрамжан – 1-курс

12.10 – 12.30 – талкуу, ой-пикирлер, сунуштар.

12.30 – 12.40 – илим күнүнүн жабылышы, жыйынтык.

26. 04. 2018. (208-ауд.)

IV бөлүк:

13.00 – 15.40 – “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата студенттердин, магистранттардын жана жаш окумуштуулардын илимий күнү.

“Илим жана жаштар” – студенттик илимий семинары.

Модератор: т.и.к., доцент Жумашова Г.С.

Баяндамачылар:

1. Суйутбеков Байаман – 3-курс - “Азыркы мезгилдеги Кыргызстандагы миграциялык процесстер”

2. Суюнбаева Мадина - 3-курс – “Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн инфраструктурасы”

3. Сапарали кызы Бурабия – 3-курс – “Аймактарды өнүктүрүүдөгү ийгиликтүү кадамдар жана аны чечүүнүн жолдору”

4. Полотбек кызы Канайым – 1-курс - “ Кыргыз аялдарынын мамлекетибизди өнүктүрүүдөгү орду жана ролу”

5. Досназаров Акжол – 3-курс - “ Түштүк Кыргызстандагы мезолит доорунун изилдөө тарыхы (Обишир-5)”

14.00 – 14.30 – талкуу, ой-пикирлер, сунуштар.

V бөлүк:

14.30 – 15.00 – Илим жумалыгынын жабылуу аземи: илим жумалыгына активдүү катышкандарды, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, магистранттарды, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.

15.30 – 15.40 – илим жумалыгынын жабылышы, жыйынтык.

Дареги: Тарых факультети,

Раззаков проспектиси -21, 208-аудитория.

4255 18:48 26-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|