Новости

30-март, 2018-жыл. Тарых факультетинин студенттерине Кыргыз-Түрк

30-март, 2018-жыл. Эл аралык байланыштар бөлүмү өнөктөш окуу жайлар менен онлайн-лекция уюштурууну баштады. Проектке ылайык өлкөбүздөгү окуу жайлардын белгилүү илимпоздору, атактуу профессор агай-эжейлер окутуучуларыбызга, магистранттарыбызга жана студенттерибизге илимдин актуалдуу маселелерине арналган кызыктуу заманбап лекцияларды Skype аркылуу регулярдуу окуп турушмакчы. Бул жакшы саамалыктын тушоосун бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Алымбаев Жээнбек Байыскулович кести. Ал тарых факультетинин доцент-окутуучулары, СЭОМ-1-16 тайпасынын магистранттары, ИБ-1-15 жана ДАс-1-17 тайпаларынын студенттери үчүн “Кокон хандыгынын тарыхынын тарыхнаамасы” аттуу темада тарыхчыларды тамшандырган, маанилүү жана маңыздуу лекция окуп берди. Лекциянын соңунда аудитория түз эфирде кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Бул заманбап технология менен коштолгон алгачкы илимий саамалыкты уюштурууда төмөнкү инсандардын кызматы чоң болду: ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков, тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Уркунчиева, ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси С.М.Амиралиев, ОшМУнун маалыматтык жана техникалык камсыздоо борборунун директору Р.Ураимов ж.б. Биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз жана онлайн-лекция жогорку деңгээлде болуп өттү. Катышуучулар профессор Ж.Б.Алымбаевге терең ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чараларды улантууну суранышты.
3994 16:57 30-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|