Новости

9-февраль, 2018-жыл. Тарых факультетинин 3-4-курстарынын студенттери практикага жөнөтүлдү.

9-февраль, 2018-жыл. Тарых факультетинин 3-курстарынын студенттери профилдик-базалык практикага, 4-курстарынын студенттери кесиптик-профилдик практикага 12-февралдан - 10-мартка чейинки мөөнөттө жөнөтүлдү. Практика боюнча жооптуу улук окутуучу Айтбаев Т.А. конференцияны уюштуруп, ага факультеттин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А., кафедра башчысы т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., профессор Адилбаев Ж.А. ж.б. кафедранын мүчөлөрү катышышты. Анда студенттердин астында турган жооптуу, кызыктуу практикасын ийгиликтүү өткөрүп келүү каралды. Ошондой эле, практика мезгилинде студенттерге эмгек коопсуздугун сактоо боюнча инструктаж өткөрүлдү.
2547 10:23 10-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|