Новости

17-ноябрь, 2017-жыл. Тарых факультетинде Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата тайпалар арасында жумалык спорттук иш-чаралар болду.

17-ноябрь, 2017-жыл. Тарых факультетинде Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата тайпалар арасында жумалык спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Анда волейбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис, футбол, баскетбол, кол күрөш сыяктуу спорттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдешишти. Спорттук мелдештердин жыйынтыгы чыгарылып, Ардак грамоталар тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров тарабынан тапшырылды. Ал өз сөзүндө студенттерге ийгиликтерди каалады жана студенттердин майрамы менен куттуктады.
3169 14:15 17-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|