Новости

27-апрель, 2017-жыл. Тарых факультетинде Илим жумалыгынын алкагында КРнын диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы З.Ж.Эргешов менен жолугушуу болуп өттү.

2017-жылы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата 2017-жылдын 24-29-апрель күндөрү өтүүчү тарых факультетинин Илим жумалыгы болуп өттү. Ал эки бөлүктөн туруп, биринчи күнү Илим жумалыгын ачуу үчүн ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору тех.и.д., проф. И.Г.Кенжаев келип сүйлөдү, экинчи күнү Кыргыз Республикасынын диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Заирбек Жолчуевич, аналитикалык бөлүм башчысы Исаева Гульназ Конурбаевна менен жолугушуу болуп өттү.

26. 04. 2017. (208-ауд.)

I бөлүк:

Илим жумалыгынын ачылышы.

И.Г.Кенжаев – ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.д., профессор.

С.А. Смадияров – тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент.

II бөлүк:

Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 100 жылдыгына карата “Октябрь революциясынын дүйнөлүк тарыхтагы орду: жаңы көз караштар ” деген темада тегерек столу.

Модератор: Т.Д. Кадыров – т.и.к., профессор, “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын башчысы

Баяндамачы: Кадыров Т.Д. т.и.к, профессор

Тема: Октябрь революциясынын чындыгы жана төгүнү

Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын Февраль жана Октябрь революцияларынын (1917) 100 жылдыгына карата “Кыргыз элинин салттык маданиятынын изилдениши” деген темада илимий семинар.

Модератор: О.А. Ташмаматов – т.и.к., доцент, “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын башчысы

Баяндамачы: О.А. Ташмаматов – т.и.к., доцент

Тема: “Манасчы С.Орозбаковго 150 жыл”

27. 04. 2017. (208-ауд.)

I бөлүк:

Студенттердин, магистранттардын жана жаш окумуштуулардын илимий күнү

1. “Илим жана жаштар” – студенттик илимий семинар.

Баяндамачылар:

1. Суйутбеков Байаман

2. Калпакова Айпери

3. Юлдашев Бозорбай

4. Суюнбаева Мадина

5. Сапарбай кызы Бурабия

6. Орозмаматов Жакшылык

7. Маматалиева Жумагул

II бөлүк:

Илим жумалыгынын жабылуу аземи: илим жумалыгына активдүү катышкандарды, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, магистранттарды, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.

Илим жумалыгы талкуулар менен коштолуп, жыйынтык чыгарылды.

4940 13:14 29-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|