Фотогалерея

10-12-апрель, 2017-жыл. ОшМУда Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин профессору, т.и.д., В.Я. Бутанаев (Айтайбег) 3 күн лекция окуду жана даректүү фильмдери көрсөтүлдү.

Илимий жолугушууну ОшМУнун ректору профессор К.А.Исаков колдоп, тарых факультетинин деканы, доцент С.А.Смадияров баш болгон факультеттин жамааты жемиштүү уюштурду жана студенттерге лекция окулуп, даректүү тасмалар көргөзүлдү. Бутанаев Виктор Яковлевич (Астайбек) (12-март, 1946 ) - этнограф, түрколог, тарых илим. доктору, Н. Ф. Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин археология, этнология жана тарыхый край таануу кафедрасынын негиздөөчүсү, Хакас Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россиянын социалдык илимдер академиясынын академиги, түркологдордун Эл аралык ассоциациясынын президиумунун мүчөсү, «Тюрксой» эл аралык сыйлыгынын ээси, КРдин “Даңк” медалынын ээси, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, ОшМУнун эмгек сиңирген кызматкери. В. Я. Бутанаев көп жылдан бери Энесай кыргыздарынын тарыхын, энесай кыргыздары менен теңиртоолук кыргыздардын этномаданий байланышын изилдеп келет. Ушул проблема боюнча анын 300 гө жакын илимий эмгектери жарык көргөн. Проф. В. Я. Бутанаевдин жетекчилигинде Энесайдагы кыргыз эстеликтери жөнүндө 2 илимий - документалдуу, 1 көркөм фильм тартылган.
1269 14:05 12-04-2017

                 

Фотогалерея

|< 1 >|