Новости

Искусство факультетинин профессору КРнын Эл артисти Ж.Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү

19-майда Ош шаарындагы С.Ибраев атындагы Кыргыз драма театрында белгилүү обончу, аткаруучу, дастанчы КРнын Эл артисти Ж.Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү. Мааракеге КРнын премьер министрдин өкүлү, Ош шаарынын обл. акимияты, Ош, Жалал-абад, Өзгөн шаарларынын административдик жамааттары жана ОшМУнун ректору,профессор К.Исаков баштаган ректорат жана деканаттардын жамааты толугу менен катышты. Андан сырткары академик Б.Мурзуибраимов, Ж.Сатыбалдиев ж.б. мейман болушту. Ж.Алыбаевдин ырлары ырдалды жана куттуктоо сөздөрү айтылды. Бул мааракени башынан аягына чейин колдоо көрсөтүп, материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн ректорубуз Исаков Каныбек Абдуваситовичке терең ыраазычылык билдиребиз.
2548 09:24 20-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|