Новости

Бизнес жана менеджмент факультетинде «Азыркы шартта Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн факторлору» аттуу аймактык студенттик илимий-практикалык конференция

2018-жылдын 27-апрелинде профессор Э.К. Шарипованын жетекчилиги астында Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультети жана «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду тарабынан «Азыркы шартта Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн факторлору» аттуу аймактык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин, Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун, Ош технологиялык университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары катышышты.

Пленардык отурумда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын студенти Абдыкеримов Аскат, Ош технологиялык университетинин студенти Ирисбаев Абдыкадыр, Ош мамлекеттик университетинин студенти Абдусамад уулу Тилек докладдарын окушту.

Пленардык отурумдан кийин "Чыңгыз Айтматов - кылым адамы" аттуу темада 10-11-класстын окуучуларынын арасында эссе, студенттер арасында доклад жазуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп, сынакка катышкан окуучуларга жана студенттерге сертификат, ардак грамота, диплом, акчалай сыйлыктар жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун китептери, «Бар бол» ата мекендик өндүрүшүнүн шириндиктери тапшырылды. Сынакка жалпысынан 50 мектептин окуучулары катышып, алардын арасынан атайын түзүлгөн комиссия тарабынан «Эң жакшы» деп тандап алынган 20 окуучу сыйлыктарга ээ болушту. Окуучулардын арасында өткөрүлгөн сынакта I даражадагы диплом менен №5-мектептин окуучусу Осмонова Зыяда, II даражадагы диплом менен №30-мектептин окуучусу Ильяз кызы Мадина, III даражадагы диплом менен №35 мектептин окуучусу Ташбалтаева Асел сыйланды.

Ал эми студенттер арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү:

Кубанычбек кызы Айдай - Кыргыз-Өзбек университети, Тарых-филология факультетинин студенти;

Жаркынбай кызы Жанара - Ош мамлекеттик университети, Медицина факультетинин студенти;

Таалайбек кызы Айзирек - Кыргыз-Өзбек университети, Тарых-филология факультетинин студенти;

Жусупова Айнагул - Ош технологиялык университети, Экономика жана башкаруу факультетинин студенти;

Эргешбай кызы Диана - Кыргыз-Өзбек университети, Тарых филология факультетинин студенти;

Турдали кызы Сыргайым - ОшТУнун академик Мурзубраимов атындагы Өзгөндөгү технология жана билим берүү колледжинин студенти;

Андан соң иш-чара чакан концерттик программа менен уланды. Секциялык отурумдар ийгиликтүү өтүп, резолюция кабыл алынды, конференциянын катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө сертификат, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Комиссиянын чечими менен I даражадагы диплом менен И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы студенти Абдыкеримов Аскат, II даражадагы диплом менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенти Искендерова Айтурган, III даражадагы диплом менен Ош технологиялык университетинин студенти Ирисбаев Абдыкадыр сыйланды.

Студенттик иш –чараны уюштурууга зор салымын кошкон ОшМУнун ректоратына, урматтуу ректорубуз Исаков Каныбек Абдуваситовичке, «Ыйык Ата журт Ош» жаштар коомуна жана спонсорубуз «БАР БОЛ» кондитердик фирмасына терең ыраазычылык билдиребиз.

4579 14:34 02-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|