Новости

Бизнес жана менеджмент факультетинде Бүтүрүүчүлөр салтанаты болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинде бакалавр жана магистратура боюнча окуган студенттер жана магистрлер үчүн атайын салтанаттуу "Бүтүрүүчүлөр кечеси" уюштурулуп, чоң программадагы концерттик куттуктоо болуп өттү. Бүтүрүүчүлөрдү алгач факультетибиздин деканы - э.и.д., профессор Мирланбек Байдусенович Убайдуллаев чын жүрөктөн куттуктап, аларга келечек турмушта ийгилик каалап, аталган салтанатты ачып берди. Андан соң уюштуруучулар тобу даярдаган концерттик программа уланып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи да четте калбай, кафедра башчылары менен биргеликте "Мыкты бүтүрүүчүлөргө" ардак грамоталарды тапшырылды. Ак жол сага БҮТҮРҮҮЧҮ!!!
3033 08:10 01-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|