Новости

Бизнес жана менеджмент факультетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Бизнес жана менеджмент факультетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Алгач факультетибиздин деканы, экономика илимдеринин доктору Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович жалпы профессордук-окутуучулар курамды күн тартиби менен тааныштырып, докладчылар: декандын илим жана сырткы байланыштар боюнча орун басары Абдылакимова Б. жана декандын сырттан окуу иштери боюнча орун басары Белеков Ж. чыгып өз докладдары менен тааныштырышты. Окумуштуулар кеңештин жыйынында докладчылардын маалыматтары кызуу талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
3163 16:08 28-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|