Новости

Эл аралык мамилелер факультетинин 11 бүтүрүүчүсүнө артыкчылык дипломунун сертификаттары тапшырылды.

2018-жылдын 19-июнунда Ош мамлекеттик университетинин жалпы факультеттеринин жана колледждеринин бүтүрүүчү студенттерине артыкчылык дипломунун сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага ОшМУнун ректору профессор К.А.Исаков катышып, окууну артыкчылык менен бүтүргөн студеттерге артыкчылык дипломдун сертификаттарын тапшырып, жалпы бүтүрүүчүлөргө сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин билдирип өттү. Мындан тышкары ОшМУнун ректораты, факультеттердин декандары, окутуучулары, ата-энелер, студент достор катышышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап кетишти. Ошондой эле, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 11 бүтүрүүчүсүнө артыкчылык дипломунун сертификаттары тапшырылды. Сертификаттарды тапшыруу аземи ыр, бийлер менен коштолду.

2758 14:37 21-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|