Новости

ОшМУ Венгриянын университеттери менен кызматташууну өнүктүрөт

23 – май күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Венгриянын Кыргызстан, Казахстан жана Таджикистан Республикаларындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андраш Барани мырза жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы консулу Алмазбек Арстамбаев менен жолугушуп, маданий-гуманитардык багытта кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуу учурунда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде студенттерге, магистранттарга, окутуучуларга венгер тилин, маданиятын, тарыхын, экономикасын жана саясий түзүлүшүн окуп үйрөтө турган ресурстук борбор ачууга жетишилди. 2018-2019-окуу жылынан тартып эл аралык мамилелер факультетиндеги аталган борборду керектүү адабияттар, оргтехника менен жабдуу ишке ашырылса, 2019-жылы венгер тилин алып жүрүүчү профессор ОшМУда эмгектене баштайт. Ушул иш-аракеттердин жыйынтыгында келечекте ОшМУда “Венгер таануу” багытын ачуу маселеси каралды.

Мындан сырткары элчи мырза ОшМУда окуу үчүн түзүлгөн шарттар жана инфраструктура менен таанышып, жасалып жаткан иштерге жогору баа берди. Эл аралык мамилелер факультетинин жаңы окуу имаратына барып, келечектеги ресурстук борбордун орду менен таанышты.

Андраш Барани мырза ОшМУнун студенттери, магистранттары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында гранттык негизде окуу үчүн шарт түзгөн программалар боюнча кеңири маалымат берип, аталган мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырды.

2353 18:17 29-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|