Новости

Эл аралык мамилелер факультетинде “Жапон маданият күндөрү” белгиленди

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жана ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин “Аймак таануу” кафедрасы тарабынан демилгеленип, эл аралык мамилелер факультетиндеги япон борбору менен биргеликте 17-май күнү “Жапон маданият күндөрү” өткөрүлдү.

Иш чарага катышкан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Күн чыгыш өлкөсү деп таанылган Япония өлкөсүнүн бүгүнкү дүйнөдөгү орду, Япония маданияты, илим жана жаңы технология багытындагы жетишкендиктери, япон-кыргыз мамилелери, Япониянын ЖОЖдору менен ОшМУнун байланыштары жөнүндө сөз сүйлөдү.

Кечеде Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Сатоши Идзицу катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Япониянын маданияты тууралуу маалымат берип өттү.

Студенттер тарабынан кечеде япон элинин маданияты көрсөтүлүп, ырлары ырдалып, япон элинин маданияты чагылдырылган атайын тасмалар коюлду. Ошондой эле Айкидо, Дзюдо, Кендо, Сумо сыяктуу чыгыштын согуш өнөрлөрү, япон оригамалары, япон оюнчуктары, каллиграфиялары сыяктуу көргөзмөлөр уюштурулду.

“Академиялык мобилдүүлүк багытында учурда Эл аралык мамилелер факультетинин 17 студенти Япониянын ЖОЖдорунда билим алып жатышат. Ал эми 50дөн ашык студент бүгүнкү күндө “Япон таануу” багытында билим алышууда”, -деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камалов.

2606 11:00 18-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|