Новости

Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери практикаларын жогорку деңгээлде өтүп келишти.

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер” жана “Аймак таануу” билим берүү программаларынын 3-4-курстагы студенттери өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларын Кыргызстандын шаарларындагы окуу жай, облустук администрация, шаардык мэрия, шаардык кеңеш, окуу борборлорунда жана башка мекеме-ишканаларда тажрыйба алушууда. Алсак, РВ-1-14 тайпасынын студенттери практикаларын Ош шаардык мэриянын эл аралык байланыштар бөлүмүндө өтүп жатышат. Биздин окутуучуларыбыз өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларын өтүп жаткан студенттерибиз менен жолугушуп келишти. Студенттерибиз жөнүндө мекеме-ишканаларынын жетекчилери, кызматкерлери абдан жакшы пикирлерди айтышып, практика стажировкаларды жүргүзүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле, тажрыйба учурунда өзүнүн билимин, активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерибизге ыраазычылык барактары тапшырылып, РВ-1-14 тайпасынын студенти Камчиев Кадырды шаардык мэриянын Эл аралык байланыштар бөлүмүнө толук кандуу кызматкер кылып алгандыгын белгилешти.

2694 15:01 04-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|