Новости

ОшМУда “Билим” майрамы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 21-апрель күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында “Билим” майрамы болуп өттү.

“Билим” майрамында ОшМУнун факультеттери, институттары, академиялары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, структуралык бөлүмдөрү жандуу көргөзмө-презентацияларын көрсөтүлдү.

Биздин жамаатыбызда жигердүү катышып, келген абитуриенттер үчүн ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер”, “Аймак таануу”, “Чыгыш таануу, африканистика” билим берүү программаларынын жана орто кесиптүү билим берүүчү “Котормо иши” адистиги, “Аймак таануу” жана “Саясат таануу” магистратура билим берүү программалары тууралуу маалыматтар кеңири берилип жана буклеттер таркатылды. Келген абитуриенттер толук маалыматтарга ээ болушуп, ОшМУнун алдыңкы факультеттеринин бири болгон Эл аралык мамилелер факультетинине тапшырууну максат кылгандыктарын билдиришти.

Аталган майрамга карата жыйын уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен мектеп бүтүрүүчүлөрү, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери келип, майрамга күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университетке саякат жасашты. Ошондой эле жыйында факультеттин декандарына КРнын Президентинин
2017-жылдын 30-августундагы жарлыгынын негизинде ОшМУга берилген «ДАҢК» орденинин көчүрмөсү тапшырылды.

2382 11:12 24-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|