Новости

Эл аралык мамилелер факультетинде брейн-ринг акыл таймашы өткөрүлдү.

Бүгүн 18-апрель күнү, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде студенттер арасында Брейн-ринг интелектуалдык таймашы болуп өттү. Аталган брейн-ринг заманыбыздын залкар жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, студенттердин китепке, адабиятка, коомдук иш аракеттерге активдештирүү жана руханий баалулуктарды студенттерге кеңири жеткирүү максатында өткөрүлдү. Брейн-рингдин жыйынтыгында МО-3-17 тайпасынан Орозбаева Нурпери аттуу студентибизди, кыргыз тили окутуучусу Бактыгүл Байтикова баш болгон калыстар мүчөлөрү жеңичүү деп аныкташты. Жеңичүүлөр диплом жана Ч.Айтматовдун баалуу китептери менен сыйланышты.

2588 16:04 18-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|