Новости

BALTIC CENTRE INTERNATIONAL ОшМУнун студенттерин Европа ЖОЖдоруна жиберүүнү көздөйт

BALTIC CENTRE INTERNATIONAL компаниясынын директору проф. Инета Кристовска ОшМУнун Эл аралык мамилелер, Бизнес жана Менеджмент факультеттеринин студенттерине, магистранттарына өзүнүн компаниясынын кызматтары, Европага чыгуу үчүн жол ачууга, ал жакта билим алып, иштеп, саякат жасоого карата мүмкүнчүлүктөр туурасында презентация жасады. Өз сөзүндө Инета айым төмөнкүлөрдү айтып берди. Бул компания:
1) Студенттерге Балтия өлкөлөрүндө: Латвияда, Литвада, Эстония (ж.б. Европа өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордо) гранттык жана контракттык негизде магистратурада 3, докторантурада 3 жыл жеткиликтүү баада заманбап билим алууга шарт түзөт.
2) Арзан жана кыска мөөнөттө виза алууга көмөк көрсөтөт.
3) Дүйнөнүн бардык жеринде таанылуучу Европа дипломун алууга мүмкүнчүлүк жаратат.
4) Эразмус+ студенттик алмашуу программасына катышууга жол ачат.
5) Орус жана англис тилдеринде билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
6) Европада мыйзамдуу жашап, окуп, иштеп (айына 300-400 евро тапса болот), саякат жасоого болуп корбогондой сонун шарттарды пайда кылат.
Жыйындын соңунда аудитория кызыккан жана керектүү суроолоруна жоопторду алышты.

1733 15:39 14-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|