Новости

Кыргыз-орус мамилелерине - Евразия элдеринин мамилелериндей, 200дөн ашык жыл.

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) жыйндар-залында 11-апрель күнү, “Россияны түшүнүү”-“Понять Россию” деген темада эл аралык илимий-конференция болуп өттү. “Евразия ишмердүүлүгү”-“Деловая Евразия” аналитикалык порталы жана Евразия аналитикалык клубу тарабынан уюштурулган илимий-конференцияда – Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломаттар, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин кызматкерлери, жокоргу окуу жайдын өкүлдөрү, ишмерлер, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана маданий мамилелер боюнча тилдин байланыш аспектилерин талкуулашты. Ош шаарынан Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы, э.и.к., доцент Эрлан Камалов катышып, өзүнүн “Преподавание дисциплин на русском языке в ВУЗах юга Кыргызстана”- “Кыргызстандын түштүгүндө ЖОЖгу орус тилиндеги окутуу сабактары” деген докладында Кыргызстандын түштүгүндөгү ЖОЖгу орус тилинде окутуу сабактары жаатындагы иш-аракеттерге кеңири токтолуу менен өзүнүн көз караштарын сунуштарын белгилеп кеттим – деди Эрлан Камалов.

2307 15:26 14-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|