Новости

Иран Ислам Республикасынын университеттери, илим изилдөө институттары менен кызматташуу.

Иран Ислам Республикасынын университеттери, илим изилдөө институттары менен кызматташуу. 2017-жылдын 23-июнь күнү Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарында жайгашкан жаңы Ислам цивилизациясын изилдөө институтунун директорунун орун басары, белгилүү тарыхчы, профессор Гулям Реза Жалали менен ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, э.и.к., доцент Камалов Эрлан Токтоназарович жолукту. Жолугушуу учурунда ОшМУ жана аталган изилдөө институту жана алардын ишмердүүлүк багыттары жөнүндө пикир алмашуу жүрдү. Мешхед шаары Ислам цивилизациясынын борбору деп таанылгандыгына байланыштуу Реза Жалали мырза факультеттин окумуштууларын Иран Ислам Республикасында өтүүчү эл аралык конференцияга чакырды. ОшМУнун эл аралык мамилелер факультети иран тилин, адабиятын, маданиятын, тарыхын, экономикасын окуп үйрөнүүгө негизделген “Аймак таануу”, “Чыгыш таануу, африканистика” багыттары боюнча адистерди даярдаган Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү жалгыз факультет болуп эсептелет. Факультетте 2001-жылдан бери Иран таануу борбору иштейт жана бул борборду с.т.и.к., доцент Ибраимова Сайкал ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Иран таануу боюнча билим алып жаткан студенттер Хомейни атындагы Тегеран эл аралык университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча перс тилинде окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Профессор Гулям Реза Жалали Иран таануу борбору менен таанышып, окумуштуулар с.т.и.к., доцент Ибраимова Сайкал жана т.и.к., доцент Бөтөнөев Жолдошбектин Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чагылдырган изилдөөлөрүнө кызыгып, илимий багытта кызматташуу маселелерин талкуулашты.
3621 13:30 27-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|