Новости

ОшМУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүү иш-чаралары

Мевлана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камалов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Семетей Амиралиев Туркиянын Мунзур университетине тажрыйба алмашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конок лекцияларды окуу максатында 14 күндүк иш сапарда жүрөт. Иш сапардын программасы боюнча ОшМУнун аталган кызматкерлери Мунзур университетинин ректору проф. Убейде Ипек, проректорлор проф. Музаффер Ашкын, проф. Рахми Айдин, эл аралык байланыштар институтунун координатору доцент ҮлкөӨзбей, вице-координатор доцент Серкан Гүндогду, инженерия факультетинин деканы Бүнуамин Аксакал, суу инженериясы факультетинин деканы Мустафа Дөрүжү, декандардын орун басарлары Селим Жемалгил, Седат Колукиса, кесиптик колледждин директору проф. Эрдем Ышык, ошондой эле департаменттердин башчылары, магистранттар жана студенттер менен өз ара кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Мевлана, ДААД, Туркия бурслары, Эрасмуз+, Фараби ж.б. программалар аркылуу Ош мамлекеттик университети менен Мунзур университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана түрк университеттери менен биргелешкен билим берүү программаларын ачуу маселери талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. ОшМУнун кызматкерлери жогоруда белгиленген университеттин профессордук-окутуучулук курамына,магистранттарына жана студенттерине кереметүү Кыргызстаныбыз, касиетүү Ош шаарыбыз жана, албетте, өздөрүнүн сүйүктүү окуу жайы, Кыргызстандагы окуу жайлардын флагманы болгон Ош мамлекеттик университети тууралуу видеороликтерди көрсөтүп, презентацияларды жасашты жана ОшМУнун эл аралык байланыштары тууралуу слайддар менен кенен айтып беришти. Иш-чара суроо-жооп менен коштолуп, жандуу талкуу жүрдү. Ошондой эле декан Эрлан Камалов “Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү” деген темада кызыктуу конок лекция окуп берди. Мындан сырткары Түркиянын Элазык шаарында жайгашкан Фират университети, Ван провинциясында орун алган Битлис университеттери менен академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багытында эки тараптуу келишимдерди түзүү аркылуу кызматташуу жолдорун талкуулашты. Сапардын жүрүшүндө Эрлан Камалов жана Семетей Амиралиев Анкара шаарына келип, Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлүКожогелди Култегин менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркия элинин достук мамилелерин күчөтүү жана окуу жайлар арасындагы байланыштарды чындоо боюнча пикир алмашышты.
3354 13:17 14-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|