Новости

ОшМУнун профилакториясындагы Эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринен жетекчилик кабар алып келишти

Республикадагы жогорку окуу жайлардан айырмаланып, бир гана Ош мамлекеттик университетинде студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу үчүн ОшМУнун профилакториясы иштеп келе жатат. Профилактория бир агымда 50 студентти жана 12 окутуучуну кабыл алып, ден соолугун текшерүү, анализдерди чыгаруу жана дарылоо кызматтарын көрсөтүүгө ылайыкташкан. ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканаты кесиптик кошуун менен бирдикте маалыматтарды өз учурунда студенттерге жеткирип, муктаж болгон студенттерди профилакторийге жайгаштырууну колго алышкан. Үстүбүздөгү окуу жылында факультеттин төмөнкү студенттери: Тажибаев Берен, Камчыбеков Бекбол, Эшмаматов Жоодар 1-агымда эс алышып, профилакторийде эс алышып, дарыланып чыгышты. АзыркыагымдаМирбекуулуНуртилек, ЭшмаматуулуЖоодарбек, АнарбековБакдөөлөтжанаТопчубаевЧынберди эс алышып, денсоолугунчыңдоодо. Кийинки агымга да 5 студент жазылып, даярданышууда. Ар бир студент 20 күндүк жолдомоалууүчүн500сом төлөп, аныничинебиркүндө 3 маалтамак-ашы, анализ тапшыруу, медициналык кароодон өтүү, массаж алуу, дарылоопроцедураларыкамтылган. 2017-жылдын 20-апрель күнүфакультеттин деканы, доцент Эрлан Камалов жанапрофбюронунтөрагасы Советбек Акматов, жаштаркомитетининтөрагасы Нурсултан Жумабаев жанастуденттиктайпалардынстаросталарыболуппрофилакторийдеги эс алыпжатканстуденттерденкабаралышты. Жолугушууда профилакторийдинбашкы дарыгери Молдалы Макенов түзүлгөн шарттарменентааныштырып, жасалып жаткан иштер жана келечек пландары менен бөлүштү. Мындан сырткары эл аралык мамилелер факультетинен келген делегация профилакторияда жайгашкан “Ош Декларациясынын” алкагында Кыргызстандын аймактагы университеттеринен жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун университеттеринин биримдигинин алкагында Кытайдын университеттеринен ОшМУга келип, билим алып жаткан студенттер менен да баарлашты. Өз кезегинде студенттер түзүлгөн шарттар жакшы экендигин белгилешип,ОшМУнун жетекчилигине, кесиптик кошуунга жана деканатка ыраазычылыгын билдиришти. Дегинкиси, бул жумуш абдан позитивдүү көрүнүш болуп, аны андан –ары колдоо жана өркүндөтүү зарыл.
2367 13:12 22-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|