Рубрика "Слово ректора"

Тарых жана маданият жылы элибизге дем-күч берди

Илимий багыттагы иш-чаралар
 

• Жыл бою тарых факультетинин окутуучулары тарабынан студенттерге "Кыргызстан тарыхынын учурдагы абалы жана келечеги” атындагы ачык лекциялар, тарыхый даталарга, тарыхый инсандардын мааракелерине карата сынактар, тегерек стол, конференциялар байма-май өткөрүлдү.

• 19-октябрь күнү ОшМУнун искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын 8 окутуучусунун "Пленер - 2016" сүрөт көргөзмөсү болду. Ал эми 8-10-ноябрда Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ОшМУнун 12 окутуучусунун сүрөт көргөзмөсү жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.

• 15-апрелде искусство факультетинде Ош шаарындагы мектептерде билим алып жаткан таланттуу окуучулар арасында музыка, сүрөт, дизайн жана кол өнөрчүлүк боюнча конкурстар өткөрүлдү.

• 16-май күнү “ОшМУ - боёктордо” аттуу сүрөт, дизайн, кол өнөрчүлүк, скульптура, көркөм искусство жаатында сүрөт сынагы жыйынтыкталды.

• ОшМУнун башкы имаратынын алдында 11-апрель күнү КРнын Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын алдындагы Ноокат райондук көркөм-сүрөт мектеп-интернатынын окуучуларынын сүрөт көргөзмөсү мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдаган иш-чара болду.

• 24-март күнү «Бир оор жолдун үч ашуусу» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

• “Өмүрү өрнөк инсандар” деген аталышта Ж. Баласагындын, Тайлак баатырдын жана башка коомдук саясий, билим берүүдө, илимде, адабиятка, маданиятта эмгек сиңирген ишмерлерге, чыгаан инсандардын мааракелерине карата конференциялар, семинарлар студенттик илимий тегерек стол жана башкалар өткөрүлдү.

• 13-14-июнь күндөрү ОшМУда Кыргызстан Антрополог жана этнологдорунун 3-конгресси өттү.

• Жыл ичинде Кыргыз АССРынын 90 жылдыгына, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына жана Эгемен Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына, Кыргыз элинин 1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына, Түрк элинин залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата эл аралык илимий -практикалык конференциялар, тегерек столдор, семинарлар уюштурулду.

• 24-октябрда Памир кыргыздарынын жашоо шартын чагылдырган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

• 10-ноябрь – илим жана жаштар күнүнө карата “Кыргызстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөдө жаштардын ролу” тематикасындагы жаштардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

• 14-ноябрда “Сүрөттө сакталган кыргыз тарыхы” (ХХ кылымдын 20-30-жылдарында) аттуу архивдик изилдөөлөр боюнча сүрөттөрдүн көргөзмөсү тартууланды.

• 10-ноябрь-Илим күнү белгиленди. Бул күндүн урматына университетте “Этникалык салттардын кайра жаралуусу” аттуу илимий конференция өткөрүлдү.

• “Мекендештер -2016” Форуму 1-2-августта Ош шаарында ОшМУнун базасында өзгөчө шаң, масштаб менен өттү.

• 15-сентябрда ОшМУда Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форуму да жогорку демилге менен уюштурулду.

Тарбия багытында иш-чаралар
 

• Жыл ичинде университеттин Тарбия департаменти тарабынан ар бир факультет колледждерде “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабиятчылар менен биргеликте адабий талкуулар, студенттерди тайпасы менен коллективдүү көркөм адабиятка кызыктырууну максат кылган “Эң мыкты окурмандар тайпасы” адабий сынагы, белгилүү акын жазуучулар менен студенттердин баарлашуусун шарттаган “Акын менен поэзия кечеси”, “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин фестиваль-кечелери сыяктуу иш-чаралар уюштурулду.

• “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!” аттуу кайрымдуулук марафону 12-февралда болуп өттү.

• 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата ОшМУда “Кыргызстанымдын желеги-жүрөгүмдө желбирейт!” мекенчилдик иш чарасы болуп өттү.

• 20-апрель күнү СССРдин Эл артисти Людмила Чурсина ОшМУда окутуучулар, студенттер менен жолугушту.

• 26-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, акын –жазуучу, Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган 93 жаштагы Асек Урманбетов ОшМУда жаштар менен жолугуп, пикир алышты.

• Май айында ОшМУнун студенттик театры тарабынан даярдалган “Кымбаттуу, Зейне Белековна” аттуу спектаклинин премьерасы тартууланды.

• 20-май күнү «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы өтөрүлдү. Достук фестивалынын алкагында республикабыздын жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университеттердин ортосунда ички академиялык мобилдүүлүктү чындаган “Ош декларациясына” кол коюшту.

• ОшМУда мыкты билим алышкан, таланттуу, алдыңкы студенттеринен куралган 92 студент июнь айында кыргыз элин, жаштарын ынтымакка чакыруу, элибиздин ыйык жерлери менен таанышуу максатында “Ынтымак кербенине” чыгышты.

• Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына ОшМУнун чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүштү.

• Өлкөбүздө биринчи ирет 11-октябрда “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу музыкалык-патриоттук иш чарасы, патриоттор күнү Тарых жана маданият жылынын алкагында ОшМУда болуп өттү.

Мамлекеттик тил багытындагы иш чаралар
 

• 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил майрамына карата «Тил билсең – дил билесиң» аттуу адабий-музыкалык композициясы уюштурулса, 11-март күнү акын А. Осмоновдун туулган күнүнө карата «Мен таңсам жаштан танам, ырдан таңбайм» аттуу көркөм адабий кече өткөрүлдү. Апрель айы университетте сабаттуулук айы деп жарыяланып, «Сабаттуулук – маданияттын күзгүсү» аттуу жат жазуу, тестирлөө сынактары уюштурулду.

• Май айында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата факультеттер арасында брейн-ринг, Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине карата анын чыгармачылыгына арналган иш чаралар болуп өттү.

• 19-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата фестиваль болуп өттү.

• 8-апрелде ОшМУнун башкы имаратында КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик китеп палатасы, "Кыргыз китеп борбору" тарабынан уюштурулган китеп кербени өткөрүлдү.

• Тарых жана маданият жылына карата “ОшМУда китеп түнү” жана “ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасынын” ачылуу аземи да болуп өттү.

• 23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 27 жылдыгына карата ОшМУда чоң программадагы салтанат уюштурулду.

• 12-декабрь –Адабият күнүнө карата улуу жазуучу Ч. Айтматовдун, акын А. Осмоновдун чыгармачылыгына карата бардык факультеттерде, илимий китепканада адабий-көркөм, музыкалык кечелер уюштурулганы турат.

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор

7667 10:46 09-12-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< >|