Рубрика "Слово ректора"

КЫРГЫЗСТАНДА ИЛИМДИ РЕФОРМАЛООНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ

(1-макала)

Академиялык жана университеттик илимге саресеп

Дүйнөлүк практикада мамлекетти илимий камсыздоонун академиялык жана университеттик деп аталган эки түрү бар. Кыргызстандагы негизги мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелген Илимдер Академиясы советтик жана ал өз учурунда россиялык илимий салттын уландысы болуп эсептелет . Мындай институттар башка өлкөлөрдө да болгону менен, алар коомдук бирикмелер, элитарлык клубдар катарында гана иштеп, башка функцияларды аткарат — мисалы Швецияда Нобель сыйлыктарын ыйгаруучу уюм катары коомго кызмат кылат.

Бүгүнкү күнгө карай коомчулукта академиялык илим замандын талабына шайкеш келбей калды деген пикирлер арбын . Академиялык илимдин өз салты бар экенин эч ким тана албайт, бирок ошол мезгилде реформанын аба менен суудай зарыл экендиги айдан ачык.

Окумуштуу-эксперттердин оюу боюнча кыргыз илиминин стагнациясынын негизги себептери катары, каржылоонун тартыштыгы, илимди башкаруунун архаикалык формасы жана бөлүнгөн каражаттардын бейсарамжал колдонулушун айтууга болот. Бүгүн республикада лабораториялык, технологиялык тажрыйбаларды, талаа экспедицияларын талап кылуучу илимий изилдөөлөр дээрлик каржыланбай, эгемендүүлүк жылдарында илимий приборлор, лабораториялык каражаттар жаңыланбай калды. Иш жүзүндө каржылоо айлык маяна жана совет мезгилинен калган инфраструктураны гана өзүнө камтыйт . Илим дагы эле академиялык, тармактык жана университеттик болуп бөлүнүп турат, жана анда иштегендердин ортосундагы карым-катнаш тиешелүү деңгээлде эмес. Ошондой эле Кыргызстанда илим теориялык (фундаменталдык) жакка гана багытталып, колдонмо изилдөөлөр көңүл сыртында болуп, дисбаланс пайда болгон дагы, алардын түрдүү тармактарга тийгизүүчү практикалык таасири жокко эсе.

Чет өлкөлүк тажрыйба
 

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө илимий активдүүлүк негизинен университтерге, илимий изилдөөчү лабораторияларга тиешелүү жана аларды финансылоонун көлөмү эбегейсиз чоң. Мисалы, бүткүл дүйнөдөгү илимге бөлүнгөн акчанын жалпы көлөмүнүн 34% АКШ, Япония жана Кытай 12,3%, Евро Биримдик 23%, 1,5% Россияга таандык. 2010 г. АКШ илимге 395,8 млрд. долл. Япония - 142 млрд. долл. Кытай - 141,4 млрд. долл. Россия - 22,1 млрд. долл. коротсо, кошуна Казакстан – 340 млн. долл. өлчөмүндө каражат сарпташкан. ИДП көлөмүнө жараша илимге акча бөлүүнүн лидерлери болуп Финляндия (3,87%), Израиль (4,4), Корея (3,74), Швеция (3,43), Япония (3,3%), АКШ (2,9%), Германия (2,3%) эсептелсе, Россия ИДПнын 1% жакынын илимге жумшайт.

Ошондой эле аталган өлкөлөрдө илимий изилдөөлөрдү өткөрүүнүн жана каржылоонун негизги булагы жеке менчик сектор эсептелет, жана ал 50% дан 70% га чейинки көлөмдү түзөт.

Бул өлкөлөрдө “университеттик” илимди өнүктөрүүнүн түрдүү формалары жана механизмдери бар, мисалга ала турган болсок:

• Ири корпорациялардын ичиндеги илимий институттар;

• илимий изилдөөлөрдү чакан фирмалардын каржылоосу;

• приоритеттүү колдонмо илимий изилдөөлөр багытында иштеген коммерциялык эмес илимий уюмдар;

• изилдөөлөр жаатында фирмалардын кооперациясы;

• фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн мамлекет тарабынан түз каржылануусу.

Жыйынтыгында аталган өлкөлөрдө жогорку технологиялык продукциялардын ички өндүрүштөгү жана дүйнөлүк рынокко экспорттоодогу көлөмүнүн жогору болушу илимди каржылоо системасынын эффективдүүлүгүнүн далили десек болот.

Японияда илимди өнүктүрүү уюштуруу төмөндөгүдөй типте жүрөт:
  1- Университеттердеги илим – ар бир ири университеттин алдында илимий лабораториялар иш алып барышат. Өз учурунда лабораториялардын алдыңкы кызматкерлери ЖОЖдо сабак беришип, студенттер илимий изилдөөлөргө катышканга мүмкүндүк алышат.

2- Жеке компания жана корпорациялардын илим изилдөөчү бөлүмдөрү. Адатта жеке сектор жаңы технологиялар жана өндүрүмдөрдү жаратуучу илимий иштелмелерге кызыгуу менен карап, каржылоону уюштурат. Каржылоо түздөн-түз же атайын гранттарды университтетерге, илимий лабораторияларга же көз карандысыз институттарга конкурстук негизде берүү аркылуу ишке ашырылат.

Илимди каржылоочу негизги институт бул жылдык бюджети 3,3 млрд. долларды түзгөн “Илимди өнүктүрүү боюнча Япон коому” эсептелет (Japan Society for the Promotion of Science - Gakushin), ал өз учурунда каржыны Япон өкмөтүнөн алат.

Gakushin коомунан сырткары илимий изилдөөлөргө акчаны илим, спорт, маданият, илим жана технологялар министрлиги да бөлөт. (Monbu Kagakusho). 2012 жылы министрликтин фондундагы акчанын көлөмү 0,56 млрд. долларды түзгөн. Бир эле гранттык колдоо менен чектелбестен, министрлик жогорку окуу жайлар менен корпоративдик сектордун ортосундагы өнөктөштүктү колдоо формаларын иштеп чыгышат (industry-academia-government collaboration). Ошондой эле япондордун дагы бир өзгөчөлүгү, алар университеттерге илимий долбоорлорду буюртма берген ишканаларга салык преференцияларын беришет.

Америкалык университеттер үчүн илимий акчанын өзөгүн гранттык конкурстар түзөт. Эң ири грант бөлүүчүлөрдүн катарын NASA, улуттук ден соолук институту, айыл чарба жана азыктануу институту ж.б. толуктайт. Андан сырткары АКШда улуттук денгээлде конкуренция түзө албаган, бирок социалдык жактан мааниси чон болгон ЖОЖдорго атайын фонддор бөлүнөт. (Historically Black Colleges and Universities (HBCUs), Hispanic-Serving Institutions, and tribal colleges and universities). Бүгүнкү күнгө карай изилдөөчү университеттердин сап башында илимий изилдөөлөр бюджети 2,1 млрд долларды түзгөн Johns Hopkins University турат (1,56 млрд.доллары федералдык өкмөттүн акчасы.

Буга улай эле америкалык илимий университтерди институционалдык колдоо үчүн кабыл алынган Bayh-Dole Act-1980 мыйзамы да бар, ага ылайык университеттерге интеллектуалдык иш аракеттерди коммерциялаштырууга эркиндик берилген.

Кытайда болсо, изилдөө үчүн гранттарды берүүчү негизги фонд болуп, табигый илимдердин кытай улуттук фонду эсептелет (National Natural Science Foundation of China, NSFC (бул структура америкалык NSF фондунун аналогу).

Ошондой эле, университеттик илимди колдоо төмөнкү программалардын алкагында ишке ашат:

• Major Program: кеңири теманын алкагында оз ара айкалышкан дисциплиналар аралык долбоорлого берилүүчү гранттар. Ар бир долбоор өзүнчө илимий коллектив тарабынан ишке ашырылышы керек.

• Science Fund for Creative Research Groups: гранттар билим беруу министрлигинин, Кытайдын Илимдер Академиясынын, кытай илимий-технологиялык ассоциациясынын жана илимий фонддун сунуштамасы менен өзгөчө илимий топторго бөлүнөт.

Биз кайсы жолду тандайбыз?
  Буга чейин деле республикада илимди реформалоо жана бул жаатта бирдиктуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу аракеттери болуп келген. Тилекке каршы бул аракеттердин баары академиялык окумуштуулар коомчулугунун айыгышкан каршылыгынан жана саясий эрктин жетишсиздигинен улам ишке ашпай келет.

Жыйынтыгында биз убакыттан уттуруудабыз жана илимий потенциалдан жарым жартылай ажырадык.

Биздин байкашыбызча, Кыргызстандагы илимди башкаруунун архаикалык формасы жана аны каржылоонун принциптери илимди туңгуюкка такап, бул сферага жаш кандын келүүсүнө шарт тузө албайт. Анан да канчалык аракет болбосун, академиялык илимий коомчулук өзүн өзү, эч качан реформалай албайт, ал аракеттердин баары косметикалык ремонттон жана формалдуу кыскартуулардан алыс бара албай турганы айдан ачык. Академиянын жетекчилиги жана көп жылдардан бери орношуп, калган сөздүн терс маанисиндеги бюрократиялык аппарат реформа идеясынын өзүн кабыл ала албайт.

Көптөгөн окумуштуулардын пикири боюнча бүгүнкү Илимдер Академиясында, кээ бир тармактык илим изилдөө институттарында илим жок болуу коркунучу алдында турса, ЖОЖдордо эми калыптана баштады. Ошондуктан өткөөл мезгилди камтыган 2-5 жыл убакыт керек, ал убакыт ичинде саясий эрктин жана жакшы менеджменттин негизинде илимди жаны рельстерге коюуга жана бул тармакка окумуштуулардын жаны генерациясын тартууга болот.

Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдө илим университеттерде болуп академиялар тарыхка айланды деген суроонун тегерегинде дагы бир ирет шашпай ойлонуу зарыл деп эсептейбиз.

Экинчи жагынан, окуу жайлардын илимий иш аракеттери, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын билим берүү программаларында колдонулуусу, студенттердин жана магистранттардын изилдөө процессине тартылуусу заманбап университеттин негизги компоненти болуп эсептелет. Анткени илимий изилдөөлөрдү жүргүзбөгөн окуу жайы, канчалык сапаты бийик билим берүү программалары болбосун «университет», деген статуска ээ боло албайт.

Аны менен катар эле тармактык илимди сактап калуу үчүн аракеттер жасалышы керек, анткени жогоруда мисал келтирилген өнүккөн өлкөлөрдөгү жеке лабораториялар, бул тармактык илимдин аналогу.

Сунуштар:
  Кыргыз илимин жана академиялык билим берүүнү тунгуюктан алып чыгуу үчүн алдыңкы өлкөлөрдүн мисалында масштабдуу реформалар зарыл. Бул жааттагы негизги кадам: - Максаттуу ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн окумуштуулардын жана мамлекеттик ведомстволордун аракеттерин бириктирүү (академия, университеттер, тармактык НИИ жана өндүрүштөгү адистер). Бул биригүүнү стимулдоо үчүн материалдык жана cтруктуралык иш аракеттер керек болот. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, конкурстарды өткөрүүнүн механизмдеринин өзү деле кызыктар тараптардын өз ара уюшулуусун камсыздайт.

- Конкурстарда жана гранттарды бөлүүдө негизги приоритет колдонмо илимге берилиши керек жана алар конкреттүү практикалык жыйынтык берүүчү тармактар болушу зарыл. Мисалы айыл чарбасы, кен иштетүү ж.б. Анткени бүгүнкү күндөгү дүйнөдөгү илимий прогрессти, фундаменталдык илимди каржылоонун башка өлкөлөрдөгү көлөмүн карап туруп, биздин учурдагы абалыбыз менен реалист болууга туура келет.

- Финансы булактарын академиялык структураларды кармап туруу үчүн эмес, перспективалуу ири долбоорлорду конкурстук негизде каржылоого буруу керек. Бул жаатагы негизги критерий мамлекеттин кызыкчылыгы жана экономикалык жугумдуулук болушу зарыл;

- Дүйнөлүк илимий аймактан билим менен технологиянын системдүү импортун камсыз кылуу зарыл. Ошол эле Япония, Кытай, Түштүк Корея, Индия жана башка бир топ мамлекеттер дал ушул жол менен өсүп, бүгүн экспортоочу өлкөлөргө айланып отурушат;

- Япониянын мисалында, университет, тармактык илим жана өндүрүштүн ортосундагы тыгыз байланышты камсыздоо;

- Эгерде байланышты камсыз кыла алсак, ошондо гана илимий жетишкендиктерди комммерциализациялоо жөнүндө сөз кылсак болот;

- Илимий чөйрөдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдештирүү, ал үчүн программа жана гранттардын негизинде каржылоо системасына өтүү.

- Университет корпоративдик жана академиялык илим үчүн изилдөөчүлөрдү даярдоочу негизги база экендигин көрсөткөн турумга өтүү;

- чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде кээ бир университеттердин базасында технопарктарды түзүү.

- Жашоого аракети жана потенциалы бар академиялык институттарды университеттерге өткөрүү жана долбоордук каржылоого өтүү. Долбоордук каржылоого ынгайлашкан университеттик структура мезгилдик жана долбоордук өзгөрүүлөргө даяр болуп бир топ ийкемдүү келет.

- Таланттуу жаш окумуштууларды тандоо жана аларды окутуу системасын түзүү. Илимий мектептерди, муундар ортосундагы илимий байланышты камсыздоо Реформанын негизги өбөлгөсү катарында академиялык институттардын кызматкерлери менен университеттердин өз ара кызматташуусун түзүү керек.
  Негизгиси реформаны ишке ашыруу үчүн жогоруда кеп болгон мамлекеттердин тажрыйбаларына таянып, алардагы илимди уюштурган фонддордун аналогиясында (Улуттук илим жана технология фондун сунуш этип жүрүшөт) тиешелүү мамлекеттик структураны түзүү аркылуу гана ишти ордунан жылдырса болоорун практика көрсөтүүдө. Бирок, бул татаал милдеттерди чечүү үчүн стандарттан тышкары чечимдер жана жолдор зарыл. Тилекке каршы, былтыркы жылы активдүү башталган аракет дагы да болсо өзүнүн логикалуу жыйынтыгына жете элек.

Уландысы бар


 

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор

9027 16:09 11-11-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< >|