Рубрика "Слово ректора"

Кыргызстанды сактайлы, өнүктүрөлү, аяйлы, сүйөлү!

Ата-бабаларыбыз канчалаган кылымдардан бери эркиндик үчүн күрөшүп өмүрлөрүнөн ажырашты. Бул боштондук үчүн улуу салттуу күрөштү токтотпой элибиз муундан-муунга татыктуу өткөрүп келишти. Көз карандысыздык үчүн күрөштөрдүн жыйындысы акырында элибизге эгемендүүлүк алып келди.

*****

Көз карандысыз болгондон бери ошол эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөөдө түрдүү тарыхый оош-кыйыштарды өз башыбыздан өткөрдүк. Эркиндиктин улуу жолунда канчалаган өмүрлөр кыйылды. Эркиндиктин, көз карандысыздыктын, азаттыктын жүгү оор болот.

*****

25 жыл аралыгында Кыргызстаныбыз кээде артка, кээде алдыга кетти. Кээ бир учурларда туңгуюкка барып капталган учурларыбыз болду. Бирок чайпалсак да, төгүлбөдүк, чарпылсак да бөлүнбөдүк.

*****

Турмушубуз очорулуп, буга чейинки байланыштар, чынжырлар үзүлүп, экономикалык шал абалга (паралич) келген күндөрүбүз болду. Аргасыздыктан акырындап реанимациялык (жандандыруу) абалга өттүк. Бара-бара телчигип, өз киндигибизди өзүбүз кесип, Кудайга шүгүр, эс акылыбызды жыйып, өнүгүү (развития) абалына да өтүп баратабыз.

*****

Эгемендүүлүктүн эйфориясында жүргөндө популисттер менен демогогдорго, трайбалисттер менен коррупционерлерге утурумдук алданган күндөрүбүз болду. Эми популисттердин, коррупционерлердин акырындап күнү бүтүп бараткандыгын баарыбыз көрүп жатабыз. Жаңы мезгилге шайкеш келген, күчтүү, билимдүү, таза, жаңы муун өсүп чыгып келе жатат.

*****

25 жашка кирген адам эмоциядан - акыл-эске, кыялдануудан- реалдуулукка, романтизмден-прагматизмге оой баштайт.

Себеби эгемендүүлүктүн 25 жылдык сабагы, өрнөгү- биздин келечегибизге жол ачат. Эң башкысы ушул аралыкта биз улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү, нарк-насилибизди кайтарып алдык. Руханий иммунитетибиз, улуттук өзүн-өзү сактоо инстинктибиз өнүктү.

*****

Бүгүн биз коомдогу терс көрүнүштөрдү айтууга ооп кеттик, аларды саймедиреп жүрүп, алардан чыгуунун жолдорун көрсөтө албай жатабыз. Биз ар кандай көрүнүштөн позитивди, жакшылыкты издешибиз керек.

*****

Мекенибиз – Кыргызстан үчүн анын ынтымагы, өсүп-өнүгүүсү үчүн өз кызыкчылыктарыбызды агыта бербей, коомубуздун стабилдүүлүгүнө баарыбыз салым кошолу.

*****

Өзүбүздүн инсандык бекем ишенимибиз менен ата-бабаларыбыздан калган руханий мурасты жан дүйнөбүзгө сиңирип, жалпы адамзаттык маданияттын жакшысын ажыратып алып пайдалансак анда биз ак ниеттүү өлкөнү курабыз.

*****

Дүйнөдө ушундай элдер бар, өзүнүн улуу тарыхы менен мактанган. Биз ошол улуу тарыхы менен мактанган элдердин катарына киребиз. Ошол эле мезгилде улуу тарыхты азыр жасап аткан улуттар да жок эмес. Өзүнүн мамлекетин бакубат жана дөөлөттүү кылып көрсөтүп, дүйнөгө чоң таасир жасап аткан мамлекеттер ондоп саналат. Дагы бир элдер бар, алар улуу тарыхты жасоого даярданып жаткан, ошол процесстин алдында турган мамлекеттер.

*****

Биз улуу тарыхы менен мактанган элбиз. Бирок мактанып эле жүрө бербей, ар бирибиз бүгүнкү ааламдашуу доорунда, бүгүнкүдөй замандын учкул кырдаалында ошол даңктуу тарыхты кантип кайталайбыз деп ойлонуп, түйшөлүп, кыйналып, чыйралып, изденип ошол улуу тарыхты кайрадан жаратып, бакубат мамлекетти курууга даярданып жаткан элбиз деп айтар элем.

*****

Бул мезгилде жашап жаткан замандаштарыбыздын баары бактылуу болушу керек. Улуу тарыхты жасап жаткандарга караганда, улуу тарыхты жасоого даярданып жаткан процессте сен өзүңдүн салымыңды кошуп, элдин аң-сезимин, жалпы массаны ошол жакка багыттай алууга аракет жасап, ошол боюнча өзүндүн азганактай болсо да эмгектериңди жазып, туура кеп-кеңешиңди айтып, башкалар ойлоно элек ойлорду коомчулукка бере алсаң, анда өз мамлекетиңдин жараны катары өзүңдү бактылуумун деп айтсаң болот.

*****

Бүгүнкүдөй кырдаалда түрдүү саясий, социалдык катмарлардын таасиринде калып алсыздык кылып, түрдүү толкундардын шамалында калбастан, тескерисинче ар-намыстуулук менен коомдо өзүбүздүн таасирибизди, гумандуу жана келечектүү таасирибизди жараталы.

*****

Ар кандай туңгуюктан туура жол таап чыксын деп Кудай Таала бизге акыл эсти ошол үчүн берген. Эмоцияга ээликпей, сабырдуулукка, мыйзамдуулукка, чындыкка моюн сунушубуз абзел. Мыйзамдуулукту сактап жашоого көнүшүбүз керек.

*****

Кыргызстандан бөлөк Мекенди бизге эч ким бербейт. Ички жана тышкы күчтөрдүн козуткуч аракеттеринен Кыргызстаныбызды сактап, коргоп, өнүктүрүшүбүз керек. Жакшы, бакубат мамлекетти өзүбүз гана курушубуз керек.

*****

Жок кемчиликти аңдыгандан көрө, болгон жакшылыгыбызды арттыралы.

*****

Ынтымак, Биримдик жана жакшыны жараткан изденүү Жаратмандык гана келечекке туура барууга жол ачат.

*****

Биздин ар бир жарандын генетикалык кодунда, жан дүйнөсүндө жашаган касиет бар. Бул улуттук акыл-эси (разум), керек мезгилде ар бир кыргыз жеке өзүнүн амбициясын ооздуктап туруп, жалпы улуттун кызыкчылыгын башкы орунга кое алат. Анан акыйкаттык, адилеттүүлүк, калыстык, тазалык үчүн күрөшкө өмүрүн арнап койгон, муктаждык болсо өлүмдөн да коркпогон калкпыз. Улутубузда зарыл учурда өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонуп, элибизди сактап турат.

*****

Кыргыз жаштарынын жан дүйнөсүндө бир феномен бар. Баса белгилеп кетейин, дүйнөнү кармап турган эң алдыңкы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн кем эмес экендигин далилдеп, керек болсо адамгерчилик жактан бийик деңгээлде туруп аракеттенип жатканы, бизди келечектен үмүт кылдырат.

*****

Өз керт башынын кызыкчылыгынан жогору туруп элибиздин өсүп өнүгүшүнө ак дилден салым кошуп жаткан жаштарыбызга ыраазы болом. Ыракмат, силерге, бир туугандарым. Кайсыл жерде жүрсөңөр да, бар болгула! Силер жөнүндө жакшы кабарды уга берели.

*****

Ар бирибиз конкреттүү түрдө Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салымыбызды кошконубузда гана өлкөбүздө өнүгүү, өсүү камсыз болот.

*****

Коомдон жамандык эмес, жакшылык издесек деп толгономун. Ата бабаларыбыз сапарга чыгаарда, “жакшы ниетти жолдош кыл” деп айткан.

*****

Эволюциялык жол менен аң сезимди өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз тазалыкка үндөп, тазаланууга, арууланууга барбасак, кийинки муун сизди бизди кечирбейт.

*****

Кыргызстаныбызда туруктуулук, тынчтык жана биримдик болсун!

*****

Бүгүн кыргыз коомчулугу, өзүбүз жашап турган аймактын эли, университеттерге чоң үмүт менен карап турат. Биз өлкөбүздүн элине жаңыча дем, жигердүү күч, шыктануу бере албасак, коомубузду гумандаштырууга барандуу салымыбызды кошо албасак, элибиздин ишеничин актай албайбыз.

*****

Заманбап илим-билимге эгедер, жаңы технологияны мыкты өздөштүргөн, коомдун талаптарына ийкемдүү, элибизди, жерибизди сүйгөн, мекенчил, жүрөгүндө адамдык улуу сапаттарды алып жүргөн кыргыз жаштарын даярдашыбыз зарыл.

*****

Ар бир өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, ой-жүгүртүүбүздү, ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз.

*****

Ар бирибиз башыбызды бийик көтөрүп, университетти коом алдында артка тартып жаткан көрүнүштөргө аесуз, катуу күрөш жүргүзбөсөк, анда ошол зыяндуу көндүмдөрдөн бошоно албай өзүбүзгө-өзүбүз жолтоо болуп өнүгө албайбыз.

*****

Мен ар бир окуядан позитивди издеп жүргөн адаммын. Себеби, ар бир Кыргызстандык ойлонот, кейийт, кыжаалат болот, үмүт кылат, ишеним артат, бара-бара жан дүйнөсүндө бекем ишенимдер пайда болот. Анан чечкиндүү кадамдарды таштайт. Ошентип биз терең жана бийик маданиятыбыз бизге чоң дем, түрткү бере турган мезгилге келдик.

*****

Биз биринчи кезекте жаштарды адамгерчиликке, эмгекке, ыйманга, Кыргызстаныбызды сүйүүгө тарбиялабасак, анда келечегибиз биз ойлогондой болбойт. Ошондуктан улуттук таалим-тарбияга, нарк-насилге жаштарды тарбиялоону башкы орунга коелу.

*****

Кыргызстаныбыздын туусун бийик көтөрөлү! Өлкөбүздүн намысын талашалы! Ата-Журтубуз Кыргызстаныбыз менен сыймыктаналы! Ар бир Кыргызстандыктын дилине, акыл эсине жараткан жакшы ойлорду, жакшы максаттарды, жакшы тилектерди, жакшы ниеттерди салсын.

Кыргызстанда жашаган ар бир жаран бактылуу болсун!

Ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө Кыргызстан деген жарык жанып турсун!

Кыргызстанды сактайлы, өнүктүрөлү, аяйлы, сүйөлү!

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор

7827 15:11 12-10-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< >|