Рубрика "Слово ректора"

Акыл – эстүү, келечектүү коомдун жүрөгүн, өзөгүн руханий маданият түзөт

(Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык” деген аталыштагы Интеллектуалдардын Эл аралык форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун сөзү)

Элибиздин ой туюмуна тунук акыл-эс, көкүрөгүнө жан дүйнө азыгын, дилине жакшылыктын нурун сунуп, дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүнөн келген кадырлуу коноктор!

“Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык” деген аталыштагы Интеллектуалдардын Эл аралык форумуна катышуу үчүн - убагында “Улуу Жибек Жолундагы” тогуз жолдун тоому болгон Ош шаарына, учурда изденүү, ишеним менен ийгиликтерди жаратып жаткан Ош мамлекеттик университетине куш келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!

Улуу Жибек Жолу - экономикалык гана байланыштын жолу эмес, бул маданияттардын айкалышуусу, адамдар ортосундагы руханий байланыш, чыгармачыл, интеллигенциянын, интеллектуалдардын пикир алышуусу, диалогу, глобализациянын негативдүү көрүнүштөрүн алдын алуу үчүн, биргелешип келечекке жол издөөнүн да ишенимдүү жолу болуусу кажет.

Дүйнө өзгөрүүдө, коом өзгөрүүдө. Канчалаган күтүүсүз тобокелчиликтер, туңгуюкка түрткөн кырдаалдар жаралууда.

Ар кандай акыл – эстүү, келечектүү коомдун жүрөгүн, өзөгүн руханий маданият түзүп келген. Экономикада да, саясатта да, турмушта да ар кандай тармактын туруктуулугун камсыз кылуунун стержени, көрөнгөсү, уюткусу руханий маданият болуп келген.

Элдерди жакындатуучу, диндерди ынтымакка чакыруучу, бөлүнгөндү бириктирүүчү күч да - маданият.

Бүгүн Ош мамлекеттик университеттинде окуган студенттерди, окутуучуларды да кызыктырган маселе - дүйнө интеллектуалдары - мейли ал илимпоз, акын, художник, философ болсун эмнеге кыжалат болот, эмнеге толгонот, эмнени ойлонушат? Ошол маселелерди чечүүнүн кандай жолдору бар?

Интеллектуалдардын ушул форумунда жаңы ойлор, жаңы көз караштар ушул өңүттө айтылат деп күтүп жатабыз.

“Жалпы адамзаттык баалуулуктар” деген лозунг менен сырттан сунуш кылынган, турмушубузга киргизилген түрдүү элементтер кээде улуттук дөөлөтөрүбүзгө, улуттук акыл-эсибиздин таразасына каршы келген учурлар да көбөйүүдө.

Канткенде ар бир адам турмуштан негативдүү көрүнүштөрдөн өзүн-өзү сактап, жакшысын ылгап алат. Канткенде адамдардын руханий инстинктин жакшыртабыз. Канткенде жаман нерселерге ооп кетүүсүнө жол бербей, улуттун руханий иммунитетин көтөрөбүз.

Элдер менен диндердин ортосунда ажырым, каршылык болбой, өз ара бири-бирин урматтоосуна, туура түшүнүүсүнө жетүү үчүн руханий маданиятты негизги инструмент катары кантип пайдаланабыз?

Ушул суроолорго ушул баарлашуунун жүрүшүндө жооп алабыз деп үмүтөнүп турабыз. Ынтымак, Биримдик жана жакшыны жараткан изденүү Жаратмандык гана келечекке туура барууга жол ачат.

7473 14:20 19-09-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< >|