Рубрика "Слово ректора"

  ОшМУ мекендештердин башын кошту

(“Мекендештер-2016” форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун сүйлөгөн сөзү)

Кутмандуу күнүңүздөр менен “Мекендештер-2016” форумунун кадырлуу катышуучулары!

Жүрөгү Кыргызстан деп согуп, күнү-түнү Ата-Журтубуздун бейпилдигин, өнүгүүсүн тилеп, туулган жердин топурагы көзүнөн учуп, киндик каны тамган жеринин абасын, көк мелжиген ак мөңгүлүү тоолорун, жап жашыл жайлоолорун, мөлтүрөп аккан сууларын, коюндашып өскөн бир туугандарын, моюндашып өскөн теңтуштарын, ата-энесин, айылын сагынып, дүйнөнүн төрт тарабынан Ыйык Ата-Журтубузга кусалыгын, арзуусун артынып, эңсеп келген бир боор мекендештер!

Күндөлүк турмуштун көйгөйүн артка таштап, жолдун алыстыгына, аралыктын узактыгына, жайдын аптабына карабай атайын ат арытып келген ардактуу коноктор! Бири-бирибизди көрүп, сагынычыбызды таркатып, чер жазыша баарлашып, Кыргызстаныбыздын эртенкисине салымыбызды кошсок, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдөөгө биргелешип жол издесек деп “Мекендештер-2016” форумуна катышуу үчүн атайын келген меймандарыбызга, байыркы жана жаңыланган Ош шаарына, билим менен илимдин мега борборуна айланган Ош мамлекеттик университетине куш келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!

Баарыбыздын башыбызды кошуп, бири-бирибизге дем-күч берүүгө, тилектештик билдирүүгө, өзүнчө мүмкүнчүлүк, шарт жаратып, ар 2 жыл сайын салттуу түрдө форумду өткөрүп келе жаткан, быйылкы үчүнчү “Мекендештер” форумун өткөрүп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар үчүн Ата-Журтунда патриоттук жана интеллектуалдык баарлашуу аянтчасын түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Бул форумдун маани-маңызын терең түшүнүп, атайын алыстан келген мекендештерибизге, Кыргыз парламентинин депутаттарына, мамлекеттик жана өкмөттүк жетекчилерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазычылык айтуу менен, “Мекендештер-2016” форумун ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер! “Мекендештер” форуму Ош шаарында өтүп жаткандыктан шаарыбыз башынан кечирген кырдаалдардан кийин элибиз ынтымакта баш кошуп, ар бир жаран ички руханий күч таап өсүп өнүгүүгө, биримдикке багыт алгандыгын айта кетишибиз керек. Азыр шаарыбызда ар бир адам алдыга умтулуп, иштиктүү тилектештикте турмуш өткөрүп жатат. Бүгүн ОшМУ мекендештердин башын кошууда.

Форумга келген мекендештерибиз эки күн бою улуттук маданияттыбызды, меймандостугубузду, элибиздин жаркын пейлин, берекелүү Түштүктүн көп түрдүү палитрасын көрүп, көңүлү толуп кетет деген ниетибиз бар.

Ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдө жүрүп өз киндигин өзү кесип, бутуна ишенимдүү турган мекендештерибиздин сөзүн угуп, кеп-кеңешин тыңдап, ийгилик сырларын, тажрыйбаларын үйрөнүп өнүгүүнүн жолуна бирге кадам таштасак деген асыл оюубуз бар.

Бүгүн да өз айлына түрдүү жардамдарын берип жаткан мекендештерибизге ырахматыбызды айтып, дагы да Кыргызстаныбызга жардамын берсем деп дегдеген, экономикабыздын өсүп-өнүгүүсүнө инвестиция саламын деп ниеттенип турган азаматтарыбыздын сунушуна, каалоосуна Өкмөт, мамлекет кандай колдоо көрсөтө алат деген маселелерде ой бөлүшөбүз, бири-бирибиздин демилгелерибизди, пикирлерибизди угабыз деп чогулуп олтурабыз.

5709 14:12 19-09-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< >|