Жаштар акыл-көрөңгөсү толгон, турмуштук бай тажрыйбасы бар инсандардан үлгү алат эмеспи. Мисалга алсак, бир нече улуу муундагы акындар, ОшМУнун калемгер окутуучуларынын кечелерин атоого болот:
Өзүн өзү жууруп жасап, чыгыш-батыш адабияты менен таанышып, Москвадагы М.Горкий атындагы адабий институтту бүтүп келген чыгармачылык үчүн калеми менен кагазын көтөрүп туулган айылына келе берген Эгемберди Эрматовду куттуу окуу жайыбызга чакырдык. Кезинде Айтматов келип эл менен жолугушкан башкы корпустун чоң залында Эгемберди агайыбыз күрпүлдөп, толуп-ташып ырларын окуп берди;
Илим менен поэзияны чеберчилик менен жуурулуштурган физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиеванын чыгармачылык кечесин жалпы мугалимдер, студенттер менен чогуу өткөрдүк. Жүрөктөрдү толкуткан керемет кече болду;
Илимге кошуп кара сөз менен ырды бирдей боюна сиңирип жүргөн химия илимдеринин доктору, профессор Бурул Каримованын маараке тою менен биргеликте ыр кечеси өттү;
Окуу жайыбызда иштеген маркум Жыпар Умарованын да көзү тирүүсүндө “Сырдашуу” аттуу китебинин жээнтегин өткөрүп, жан дүйнөбүз толкуган эле;
Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Молдо Ныяз атындагы сыйлыктын ээси акын Тазагүл Закированын чыгармачылык кечесин окуу жайдын чоң залында салтанат менен өткөрдүк;
Калеми төшөлүп, элге таанылып калган бир топ орто муундагы, жаш муундагы акындарды студенттер менен жолугуштуруп турдук. Айтылуу жазуучу Чолпонбек Абыкеев, акындар Бактыгүл Чотурова, Кыялбек Урмамбетов, Алтынбек Исмаилов, Калича Жакыповалар окуу жайыбыздын факультеттеринде ырларын окуп, жаш калемгерлердин дымагын, жигерин ойготуп турушту;
Кадыресе калеми төшөлүп калган акын жигит Сыдыкбек Апиш уулу, окуу жайдын окутуучусу акын Бермет Закирова, студент Азизилла уулу Иманбектер ырлар жыйнагын чыгарышты.
Азыр ар бир поэзия майрамына (ыр кечеси өткөн күн мен үчүн, баарыбыз үчүн майрам) катышып, жаштардын ушунчалык дилгир, зирек, сөзгө бүйрө тобу өсүп келатканын көрүп кубанам. Тыпылдап эл алдына чыгып, чыйрак саптарын окуган Бүкалча, орундуу ойлорун саптарга тизген Дүйшөн, Самагандар буюрса жакын аралыкта китептерин жарыкка чыгарышканы турушат. Андан сырткары ыр дүйнөсүнө баш багып, калем кармаган жаштардын катары арбын.
Азыр ОшМУнун ичинде бир эле биздин окуу жайды эмес, бүтүндөй Ош шаарын, аймактарды өзүнө камтыган “Жигер” чыгармачылык борбору иш алып барууда. Мен “Биз окуу жайдагы таланттарды көтөрөлү, бир нече жылдан соң алар бизди, бүткүл кыргызды көтөрүп кетишет” – деп айтып калам. Албетте, жаш таланттардан жардамыбызды, күчүбүздү аябашыбыз керек. Алар өтө чоң акчага, же байлыкка муктаж эмес, алар жакшы сөзгө, моралдык колдоого, туура айтылган сын-пикирге муктаж. Бүгүн жаштар ыр укпай калды, китеп окубай калды деп наалып калабыз. Анча-мынча гезит беттеринде, интернет баракчаларында окуу жайдын жана өлкөдөгү жаш ышкыбоздордун ырларын көрүп, алардын жаңы бир толкуну пайда болгонун ыр сүйгөн жүрөгүм менен сезип, кубанып калам. Жаштардан жаңы табылгалар, дирилдеген назик, терең саптар жарала баштады. Баарыбир кыргыздын ичинде, көөдөнүндө жашап жаткан ыр жандуу сезим, сөзгө, ырга болгон такт кайра ойгонуп чыгары шексиз эле. Ажеп эмес, ушул калыпта ыр табиятын түшүнгөн, сөз баалаган жаштардын катары көбөйүп отурса, коомдогу коркунучтуу дартты дарылоого башка жактан даба издебей калабыз.
Жан дүйнө боштугун акча менен толтура албайбыз. Аны жакшы ыр, жалындуу сөз менен толтурууга болот. Ар кандай байлыктан, руханий байлык улуу турат эмеспи.