Новости

“Коомдогу билим берүүдөгү менин милдетим” аттуу усулдук-практикалык конференция өткөрүлдү.

2018-жылдын 18-майында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилин окутуунун методикасы кафедрасы “Коомдогу билим берүүдөгү менин милдетим” аттуу усулдук-практикалык конференция өткөрдү. Жалпысынан конференцияга 40тан ашуун англис тили мугалимдери, завучтар, ата-энелер катышышты. Студенттердин практика учурундагы ийгиликтери жана кыйынчылыктары баннер жана китеп форматындагы көрсөтмө материалдарына чагылдырылган. Студенттер учулчуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

Экинчи сессия мектептин завучтарына, мугалимдерине жана ЖОЖдун окутуучуларына мамлекттик стандарттын нормативдүү документтери жөнүндө болуп, кызуу талкууланып, анда билим жана компетенциянын айырмачылыктары жана дисциплина боюнча мамлекеттик стандарттар жөнүндө сөз болду. Чакырылган мугалимдер уюштуруу жамаатына ыраазычылык билдирип кайтышты.

Конференциянын аягында студенттер жана мектеп жамааттар Ыраазычылык барактарына жана сертификаттарга ээ болушту.

2855 12:29 01-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|