Новости

“Негизги билим берүү программасындагы компетенцияларды калыптандыруудагы окуу жай менен ата-энелердин байланышы” аттуу темадагы жолугушуу өткөрүлдү.

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин чоң актылык залында 2018-жылдын 2-мартында Америка жана котормо таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган “Негизги билим бер үү программасындагы компетенцияларды калыптандыруудагы окуу жай менен ата-энелердин байланышы” аттуу темадагы жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга 152 ата-эне катышты.

Жолугушуунун максаты - ата-энелерди стейкхолдер катары чакырып, котормочуларды даярдоодогу негизги билим берүү программасы, максаттары жана милдеттери, окуу пландары менен тааныштырып, отчеттук презентацияларды көрсөтүү. Жолугушууга ар райондордон, айыл-кыштактардан, шаардан ата-энелер келип катышышты.

ДТМФнин деканы ф.и.к доцент Калыгулова С.Ш. куттуктоо сөзү менен ата-энелерге кайрылды. Факультеттеги жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери менен биргеликте Америка жана котормо таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен ата-энелерди тааныштырды.

Билим берүүдөгү негизги программалар боюнча презентацияларды Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы ф.и.к доцент Аипова Г.Б. көрсөттү.

Өндүрүштүк жана квалификациялык практикалар жөнүндө Ибраимова С.Ч. презентация берди.

ОшМУдагы мобилдүүлүк программалары боюнча факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Сарикова С.А. кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Жолугушуунун кульминациялык учуру - факультеттин тайпалар ичинде өткөрүлгөн олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Ошондой эле алдыңкы окуудагы жана факультеттин коомдук иштерине жигердүү катышкан студенттердин ата-энелерине алкыш баракчалары салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Андан соң ата-энелердин стейкхолдер катары окуу жайдын админстрациясына, профессордук окутуучулук курамына өз суроо-талаптарын, сунуштарын киргизип окутуучулар менен ата-энелердин ортосунда диалог болду.

Жолугушуу ийгиликтүү аяктады. Ата-энелер ыраазычылыктарын айтып, студенттерге, окутуучуларга ийгилик каалашты. Жолугушуу кафедранын окутуучулары Алиоглы М.Х., Абдыкадырова С.Р., Жолчиева Ж.Э. уюштуруусу менен которморчу студенттердин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

3253 18:38 06-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|