Новости

ДТМФда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу жана Ак Калпак күнүнө карата “Декандын кубогуна” арналган футбол мелдеши болуп өттү.

Бүгүн, 3-март ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу жана Ак Калпак күнүнө карата “Декандын кубогуна” арналган студенттердин курстар арасында футбол мелдеши болуп өттү. Мелдештин максаты студенттер арасындагы ынтымак-достукту бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо жана факультеттин мыктыларын аныктоо болуп саналат. Аталган мелдешке жалпысынан 8 курама команда катышып, алардын ичинен бешөө бакалавр багытындагы, ал эми үч команда аталган факультеттин колледжинин курамалары толукташты.

Жыйынтыгында кубокту ДТМФнын колледжинин “11-класс базасы” ээ болсо, 1-орунду “3-курстар” курамасы багындырса, 2-орунду “1-курстар” ал эми 3-орунду колледждин “9-класс база” курамасы илип кетти. Курамалардын арасынан “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты дарбазачы” номинациялары ыйгарылды.

2807 18:31 03-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|