Новости

“Студент бүгүн жана эртең”

12-декабрь 2017-жылы дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин ортокесиптик билим берүү программасы боюнча “Котормо иши” адистигинин окутуучулары, студенттери, ата энелер жана Форум -англис тили мугалимдеринин Ассоциациясынын, Ош жаштары Уюмунун, Америка бурчунун, Перспектив тил борборунун, Билим-баары үчүн фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте “ Студент бүгүн жана эртең” деген темада жолугушуу уюштурду. Жолугушууга колледждин студенттери, ата-энелер жана стейкхолдерлер катышышты. Анда орто кесиптик билим берүү программасы, андан күтүлүүчү натыйжалар жана калыптануучу компетенциялар талкууга алынып, стейкхолдерлер тарабынан сунуштар айтылды. Аягында стейкхолдерлерге жана ата-энелерге сурамжылоо жүргүзүлдү.

2272 14:49 13-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|