Новости

ОшМУнун улук окутуучусу Эргешова Нурзада: Испан тилинин келечеги кең

Үстүбүздөгү жылдын 7-8 – Апрелинде университетибиздин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги “Англис тилин окутуунун методикасы” кафедрасынын улук окутуучусу Эргешова Нурзада Тагаевна Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык Улуттук Университетинде “Испан тилин чет тили катарында Орто Азия мамлекеттеринде окутуу” аттуу эл арлык конференцияга активдүү катышып, андан сырткары конференциянын алкагында “Self error correction of incoming students in speaking Spanish class” деген темада практикалык саат өтүп келди. Аталган эл аралык конференцияга катышууга 2016-2017 – окуу жылынын II семестринде Испаниянын Кадиз университетинде алып келген тажрыйбасы түрткү болгонун өз сөзүндө кошумчалап, ошондой эле испан тилин окутуу усулдарын жайылтуу максатында 2 - 3 – курстарга испан тилин тандоо курсу катарында окуу планга киргизүүнү, испан тили борборун ачууну жана испан тилинде эл аралык деңгээлде конференцияларды уюштурууну көздөп жатканын билдирди.

3659 12:04 13-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|