Новости

"Бүтүрүүчү бүгүн жана эртең "

Бүгүн 11-апрель күнү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде карьера бөлүмүнүн жетекчиси Эрмекбаева Н тарабынан уюштурулган стейкхолдерлер менен "Бүтүрүүчү бүгүн жана эртең "деген темада жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө стейкхолдерлер менен "Ийри отуруп түз кеңешебиз "деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Талкуу учурунда алар өздөрүнүн иш процессиндеги көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын айтышты. Тегерек столго мектеп жетекчилери жана ар түрдүү көз карандысыз мекемелердин өкүлдөрү келип катышышты. Иш берүүчүлөргө базалык окуу пландын үстүндө Филологиялык билим берүү багыты боюнча факультеттин деканы доц. Калыгулова С.Ш. ал эми лингвистика багыты боюнча доц. Аипова Г.Б. кеңири талкуу өткөзүштү.
3234 18:38 11-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|