Новости

КФжЖ факультетинде ата-энелер менен жолугушуу

Бүгүн,18-май күнү,ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Факультеттин деканы, доцент Н.Турганбаев ОшМУда жүргүзүлүп жаткан иштер, инфраструктура, билим берүү процессиндеги өнүгүүлөр жөнүндө кенен түшүнүк берди. Алдыңкы студенттерге "Ыраазычылык каттар" тапшырылды. Жыйындан соң ар бир тайпанын куратору өз тайпасындагы студенттердин ата-энелери менен жеке аудиторияда жыйын өткөрүп, адистерди даярдоо сапатынын эффективдүүлүгү боюнча анкеталар жүргүзүлдү.
2228 16:08 18-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|