Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети кесипке багыттоо иш-чарасында
19:18
Бүгүн, 20-апрель күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили илими кафедрасынын окутуучулары У. Камардинова жана Ж. Тажибаевалар кесипке багыттоо иштери менен Кара-Суу районунун Нариман айылындагы Ч. Айтматов жана Кызыл-Кыштак айылындагы Омарбек датка атындагы №24-мектепке барышты. Кесипке багыттоо иш-чара учурунда окутуучулар ОшМУнун материалдык-техникалык базасынын өнүгүп жаткандыгы, жетишкендиктери жөнүндө окуучуларга кеңири айтып беришти. Окуучулар кызыккан суроолоруна толук кандуу жоопторду ала алышты жана 21-апрель күнү өтө турган "Билим" майрамына чакыруу алышты.
2596 19:18 20-04-2018