Новости

ТТГФда дистанттык окутуунун азыркы абалы жана келечеги”- аттуу усулдук семинар болду.

Табигый- илимий билим берүү багытындагы “бакалавр, магистр” академиялык баскычтары үчүн көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында 9-февраль күнү “Жаңы технологияны колдону менен дистанттык окутуунун азыркы абалы жана келечеги”- аттуу темадагы илимий семинар болду. -Семинарда ОшМУнун жаңы тех нологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, ф-м.и.к., доцент Омаралиев А.Ч. “ОшМУнун учурдагы маалыматтык коммуникациялык инфра-структурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр. (Дата-Цент, Булут технологиясы,Кампустук карта ж.б.) -ОшМУнун IT академия сынын директору. Молдояров У.Д "ОшМУнун расмий сайтынын жаңыланышы жана структуралык бөлүмдөрдүн жекече сайттарын уюштуруу”. -ОИД дин башкы адиси Ибраимов Т. “AVN ИС нын программалары жана отчеттору менен иштөө. -ОшМУнун БиМ факультетинин дистанттык борборунун директору, э.и.к., доцент Асанов Б.М.- “Дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу” боюнча усулдук баяндамалар жасалды. . Семинарда адистиктерди аккредитациядан өткөрүү боюнча окуу, жумушчу окуу пландардын түзүлүшү,элективдик курстарды киргизүү жана стейхолдерлер менен байланышты жакшыртуу жана дисциплиналардын окуу программаларынын түзүлүшү, студенттерди баалоо системасы, модулдардын алынышы жана AVN ИС сиситемасына түшүрүлүшү боюнча маалыматтарды толук берди. Семинарда окутуучулар тарабынан кызыктуу суроолор болуп, аларга жоопторду алышты. Факультетин жамааты келген конокторго берген маалыматтары үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришип,иштеринде ийгиликтерди каалашты.
1767 18:57 16-04-2018

                 

Новости

|< 1 >|