Новости

“ОшМУнун эң мыкты студенти” аныкталды

            
Ар жылы окуу жылдын соңунда “ОшМУнун эң мыкты студенти” кароо сынагы эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет. Быйылкы 2013-2014- окуу жылында аталган конкурс уюштурулуп, бир канча күнгө созулду. Ошентип, атайын түзүлгөн комиссия эң акыры жыйынтыкка кечээ, 6- июнь күнү келишти.
      Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, ОшМУнун теология факультетинин 3- курсунун студенти Азизилла уулу Иманбек максималдык 193 балл топтоп, “ОшМУнун эң мыкты студенти – 2014” аталды. Ал эми, бизнес жана менеджмент факультетинин 3- курсунунун студенти Кушбак кызы Үмүт 137.1 балл менен 2- орунга чыкса, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3- курсунун студенти Жаныш кызы Гүлпери 134 упай топтоо менен 3- орунду ээледи.
ОшМУнун эң мыкты студенттери ардак грамота, акчалай сыйлыктар менен ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө сыйланат. Ал эми, 1-, 2- орундарды ээлеген студенттер Кыргыз Республикасынын президенттик «Үмүт» стипендиясына сунушталса, байгелүү орундардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт.
      Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты - окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш-чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге, ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү болуп эсептелет. Мындан сырткары студенттердин окууга, илимге, коомдук уюштуруу ж.б. өз алдынча чыгармачылык иштерге болгон кызыгуусун арттыруу; илимий иш-чараларга катышууга тартуу; ар тараптуу өсүүгө стимулдаштыруу жана мотивациялоо болуп саналат.

7381 16:57 07-06-2014

                 

Новости

|< 1 >|